Кен казып алуу өнөр жайы жана адам укуктары

Кен казып алуу өнөр жайы адам укуктарына жана коомдун жашоосуна оң жана терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Тармак абдан зарыл болгон экономикалык өсүшкө олуттуу салым кошо алат, ал өз кезегинде инфраструктураны курууга, социалдык кызматтарды жакшыртууга жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө каражат бере алат.

Оң өзгөрүүлөрдүн потенциалына карабастан кен казып алуу өнөр жайы көбүнчө адам укуктарына терс таасир берүүлөр жана кен казып алуу боюнча ири долбоорлордун адам укуктарына жана айлана-чөйрөгө терс таасирине туш болгон коомчулуктар менен байланышта каралат.

Кыргызстандын Тоо-кен металлургиялык кесиптик кошунунун Борбордук комитетинин төрагасы Эльдар Тажибаев Кыргызстандагы адам укуктарынын тобокелдиктери, тоо-кен тармагы алар менен кандай күрөшүп жаткандыгы жана бизнес тарабынан адам укуктарын урматтоону калыптандырууда профсоюздардын ролу кандай экендиги тууралуу айтып берди.

Кыргызстанда формалдуу эмес иш менен камсыз болуу адам укуктарына коркунуч келтирген негизги фактор катары көп айтылат. Сиз бул ырастоо менен макулсузбу?

Өлкөнүн калкынын 70%дан ашыгы формалдуу эмес жумушта иштейт, алардын эмгек келишими жок жана пенсиялык эсептерине чегерүүлөр жүргүзүлбөйт. Эл өз укуктарын билбей, жумушсуз калуудан коркуп, айлык маянасында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна милдеттүү төлөмдөрүн жоготкусу келбейт.

"Формалдуу эмес жумуштагы адамдар корголбойт жана алар ар кандай учурда жумушсуз калышы мүмкүн. Татыктуу жумушка чындап жетүү чектелген сандагы кызматкерлер үчүн гана камсыздалат, 2,5 миллион иш менен камсыз болгон адамдардын 500 миңден ашпаганы расмий түрдө иштешет", - деп баса белгиледи Эльдар Тажибаев.

Ошол эле учурда тоо-кен металлургия тармагында формалдуу эмес иштегендердин саны азыраак, 20%дан ашпайт. Себеби, ири ишканалар эмгек келишимдерин түзүшөт, жумушчулардын укуктарын коргоо үчүн кесиптик кошундарын түзүшөт.

Кыргызстандын кен казуу тармагы үчүн адам укуктарынын кандай тобокелдиктери көбүрөөк мүнөздүү?

"Тобокелдиктер тармактык кесиптик ишмердүүлүктүн өзгөчөлүктөрү менен шартталган. Эреже катары, бул оор өндүрүштүк-климаттык шарттарга жана зыяндуу, коркунучтуу, уулуу заттарды колдонуу менен байланышкан. Ал эми бул кошумча кепилдиктерди, жеңилдиктерди жана кенемтелерди талап кылган өмүр жана ден соолук үчүн кошумча коркунуч. Бардык эле иш берүүчүлөр жумушчулардын өндүрүштүк коопсуздугун жана ден соолугун коргоонун зарыл деңгээлин камсыз кылууга даяр эмес же каалашпайт, - деп баса белгилейт Кыргызстан тоо-кен металлургиялык кесиптик кошунунун Борбордук комитетинин төрагасы.

Тоо-кен жана металлургия тармагында аялдар, майыптар өзгөчө аялуу болуп саналат, алар үчүн эмгекке болгон укуктарын жана анын татыктуу шарттарын камсыз кылуу эң кыйын. Тажибаев бул оор жана кооптуу шарттардан улам тоо-металлургия тармагында иштөөнүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу деп эсептейт.

Анын пикиринде, ири жана чакан ишканалардын ортосунда эмгек укуктарын сактоодо чоң айырма бар. Ири компаниялар укуктарды сактоого көбүрөөк жоопкерчиликтүү мамиле жасашат. Чакан ишканаларда кызматкерлер көбүнчө эмгек келишимисиз иштешет, кадрлардын көп алмашуусу орун алат жана айлык акылары аз.

"Жергиликтүү жана чет элдик компаниялар тууралуу айта турган болсок, бир аз айырма бар. Жергиликтүү компанияларда жетекчилик жана эмгек жамаатынын ортосунда социалдык өнөктөштүк мамилелер түзүлгөн, жамааттык келишимдер бар. Адамдар өз укуктары тууралуу билишет. Эреже болуп калгандай, мындай компанияларда салттуу түрдө адамдардын укуктарын сыйлашат. Чет өлкөлүк компанияларда жергиликтүү мыйзамдарга ыңгайлашуу үчүн убакыт керек ", – деп баса көрсөттү Эльдар Таджибаев.

Тоо-кен тармагындагы ишканаларында адам укуктарын камсыздоодогу негизги роль?

Тоо-кен тармагында адам укуктарын сыйлоону камсыз кылууда негизги роль кесиптик кошундарга, Эмгек мыйзамдарын сактоону контролдоо жана көзөмөлдөө кызматына таандык. Эльдар Таджибаев бул чөйрөдө адам укуктары жаатындагы тобокелдиктерден арылуу үчүн мамлекеттин жана бизнес-сектордун биргелешкен иш-чаралары, ошондой эле калкка алардын укуктары тууралуу маалымдоо үчүн маалыматтык кампанияларды жүргүзүү зарыл.

Адам укуктарын урматтоону камсыз калуу үчүн эмне өбөлгө боло алат?

Биринчи кезекте инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү. Тартылган инвестициялар өлкөнүн экономикасына гана таасирин тийгизбестен, бул жаңы өндүрүштөрдү ачууну, татыктуу эмгек шарттары бар жумуш орундарын түзүүнү, жумушсуздуктун абалын жакшыртууну жана квалификациялуу адистердин кетүү агымын токтотууну билдирет.

"Адам укуктарын сыйлоо сырттан келген инвесторлор үчүн артыкчылык, анткени алар үчүн бул милдеттүү ченем", - деп эсептейт Тоо-металлургиялык профсоюздун Борбордук комитетинин төрагасы.

Инвесторлор кайсы бир компанияга инвестиция салаардан мурун, компания адам укуктарына карата жоопкерчиликтүү мамиле кылып жатабы же жокпу түшүнүү үчүн кесиптик бирликтерге кайрылуунун мааниси барбы деген суроого Элдар Тажибаев мындай деп жооп берди:

"Албетте, профсоюздар менен байланышуу керек жана аларды атаандаш, экинчи тараптын, башка класстын же каршылаштын өкүлү катары эмес, өнөктөш катары кабыл алуу керек. Кадрларды башкаруу боюнча, эмгек тартибин, коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу боюнча иштин коп багыттары, социалдык блок, маданий-массалык багыттар профсоюздун карамагына алынышы жана иш берүүчүгө зарыл жардам көрсөтүүсү мүмкүн.

Профсоюз адам укуктарын бузуунун системалуу практикасын токтотууга салым кошкону тууралуу оң тажрыйбаңыз барбы?

"Жер казынасын пайдалануучу компания өз ишин жалданма ишканаларды тартуу менен жүргүзгөн учурлар болгон. Талаада 1000 адам иштесе, анын 300ү штаттык бирдикте, калган 700ү жалданма уюмдардын кызматкерлери болгон. Бул 700 адамдын дээрлик бардыгы эмгек келишимисиз тартылып, 12 саат иштеп, ар бир жумуш күнүнө 500 сомдон акча алышкан. Негизги ишкананын жумушчулары менен эмгек акынын айырмасы 2-3 эсе болгон. Бул жалданма фирмалардын кызматкерлери Кыргызстандын Тоо-кен металлургия профсоюзунун Борбордук комитетине кайрылышкан. Кызматкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иш берүүчүлөр, жалданма уюмдардын да, башкы компаниянын да өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.

Чыр-чатак тынчтык митингине жана иш таштоого жетти. Ишкананын өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кендин бул категориядагы жумушчуларынын эмгек мамилелерин жол-жоболоштурууга, аларды негизги ишкананын жамаатына өткөрүп берүүгө жана аларга мыйзамдуу кызматтык маяна төлөп берүүгө көндүрүү мүмкүн болду", - деп билдирет Эльдар Тажибаев.

Бизнес адам укуктарынын абалына ачык таасир этет. Кандай гана бизнесмен, инвестор болбосун, акча табуу максатында кандайдыр бир долбоорго инвестиция салат. Тилекке каршы, кээ бир инвесторлор адам ресурстарынан, чыгымдардан, эмгекти сактоо жана коопсуздук чараларынан үнөмдөө жолу менен кирешени көбөйтүүгө аракет кылышат, натыйжада алда канча көп сарптоолорго туш болушат. Эмгек мыйзамдарын кынтыксыз аткаруу, эмгек укуктарын урматтоо жана кесиптик кошундар аркылуу эмгек жамааты менен бекем өз ара пайдалуу социалдык өнөктөштүктү орнотууга даяр болгон социалдык жоопкерчиликтүү бизнес бар.

Бул макала Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУ ӨП "Бизнес жана адам укуктары" (B+HR) долбоорунун алкагында Кыргызстанда ишкердик чөйрөсүндөгү адам укуктарынын маселелерин илгерилетүү боюнча маалыматтык кампаниянын элементи болуп саналат.

Автору: Манаева Айдай


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД