Марипов Улукбек Асамидинович

Марипов Улукбек Асамидинович

1979-жылдын 30-августунда Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында туулган.

Билими жогорку. 2001-жылы Ош технологиялык университетин жана Ош мамлекеттик университетин "финансы жана кредит", "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

1997-2001-жж. - "Кызыл-Кетмен" дыйкан чарбасы, төрага;

2001-2002-жж. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, 1 категориядагы адис, алдыңкы адис;

2002-2003-жж. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Киреше боюнча комитет, төраганын орун басары;

2003-2005-жж. – Баткен областынын мамлекеттик администрациясы, губернатордун жардамчысы;

2005-2006-жж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, депутаттын консультанты;

2006-2008-жж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун эксперти;

2008-2008-жж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, уюштуруу жана көзөмөлдөө иши секторунун эксперти;

2008-2009-жж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, уюштуруу жана көзөмөлдөө иши секторунун мамлекеттик инспектору;

2009-2010-жж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, уюштуруу-инспектордук иштер секторунун инспектору;

2010-2010-жж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;

2010-2011-жж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, инспектор;

2011-2015-жж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы;

2015-2016-жж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;

18.03.2016-19.03.2016-ж. - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, аудитор;

2016 – 2021-жж. - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы, төрага;

2021-жылдын февраль айынан тарта – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД