Адам укуктары жана бизнес боюнча эң көп берилчү суроолор

1. Ишкердик ишмердүүлүгүндөгү адам укуктары боюнча жалпы жетектөөчү принциптер эмнелерден турат?

- мамлекеттин үчүнчү жактар, анын ичинде бизнес тарабынан адам укуктарынын бузулушун коргоо милдетинен

- бизнестин адам укуктарын сактоо жоопкерчилигинен

- бизнес тарабынан укуктары бузулуп жабыркагандар үчүн укуктук коргоонун натыйжалуу мамлекеттик жана мамлекеттик эмес каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо зарылдыгынан

2. Канткенде бизнес адам укуктарын бузбайт?

Компаниялар адам укуктарын бузбагандай же ага терс таасирин тийгизбегендей иштөөгө тийиш.

Ишмердүүлүктөрүнүн бардык түрлөрүн баштаганга чейин эле компаниялар коммерциялык ишмердүүлүктүн адам укуктарына тийгизген таасиринин мүнөзүн аныкташы керек. Укук жаатындагы саясат ишкананын ичинде жалпыга жеткиликтүү болушу кажет. Тиешелүү бизнес-функцияларды аткаруу ишинде кызматкерлерди зарыл болгон даярдоо менен колдоого алынган багыттар жана отчеттуулук тутумдары так аныкталууга тийиш.

3. Адам укуктарын сактоо жоопкерчилигине байланыштуу компаниялардан эмне күтүлөт?

Компаниялар өздөрүнүн адам укуктарын сактоо милдеттери тууралуу билүүгө жана аны көрсөтүүгө милдеттүү. Тиешелүү саясатты жана жол-жоболорун иштеп чыкмайынча бул мүмкүн эмес. Биринчиден, компаниялар адам укуктарын сактоо ишине берилгендигин ырастоого тийиш. Экинчиден, алардын адам укуктарына тийгизген таасирин аныктоо, алдын алуу, кесепеттерин жеңилдетүү жана алар тууралуу маалымат берүү максаттарында адам укуктарын сактоого карата тийиштүү сактыкты талыкпай камсыз кылышы керек. Аягында алар көрсөткөн же шарттаган адам укуктарына терс таасирдин натыйжасындагы зыяндын ордун толтурууну камсыздоо үчүн жол-жоболорду иштеп чыгышы абзел.

4. Компаниялар да адам укуктарын илгерилетүүгө жана ишке ашырууга тийишпи?

Жок. Адам укуктары боюнча эл аралык укуктар адам укуктарын илгерилетүү жана ишке ашыруу милдетин мамлекетке жүктөйт. Корпорациялардын адам укуктарын сактоо жоопкерчилиги компанияларды адам укуктарын бузбоого милдеттендирет, бирок адам укуктарын илгерилетүүнү жана ишке ашырууну талап кылбайт.

5. Эмгек укуктары бузулган учурда кайда кайрылуу керек?

Эмгек укуктары бузулган жарандар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматына өз убагында кайрылуулары керек. Жарандар эмгек келишими жок шартта дагы жардам сурап кайрыла алышат. Эмгек мыйзамдарына ылайык айлык акыга тийиштүү маселелердин эскирүү мөөнөтү жок, бул боюнча каалаган учурда кайрылууга болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД