Бакыт Бакетаев Курултайдын делегаттарына кайрылуу жолдоду

Улуу Урматтуу тарыхый Биринчи Конституциялык Курултайдын делегаттары!

Курултай институту Конституциябызга "чолок" бойдон кирип калыптыр, ошол үчүн депутаттар "силер кимсиңер, кайсыл бийлик бутагындасыңар" деп "чолок" мыйзамды экинчи окуудан өткөрүп коюшту. Мадумаров болсо, Конституциялык сотко "Президенттин Курултай өткөрүү боюнча Жарлыгы мыйзамсыз" деген арыз катты жөнөтүп койгон. Чын чынына келгенде бул жарлыкта юридикалык коллизия жок эмес, бирок ошого карабай президент Курултай эл үчүн керек экенин сезип кол койгон. Конституцияны шашпай, компетенттүү юристтер жазышы керек, ошондо гана Башмыйзамды эч ким өзгөртө албайт жана эки ача, "чолок" түшүнүктөр болбойт.

Элдик Курултай мыйзамы, Конституцияда

белгиленген укуктардан ашык укуктарга ээ боло албайт. Жалпак тил менен айтканда, Конституцияда Курултайга бир гектар жер берилсе, президент депутаттардын, биздикине окшотуп кол- буттарын байласа да, депутаттар курултайчыларга эки гектар жер бере албайт. Конституциянын жетинчи беренесинде Курултайга байкоочу, кеңеш берүүчү, коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет деген укуктар берилген. Мындай укукка Курултайы жок эле, ар бир Кыргызстандын жараны ээ.

Меним баамында, президентти кыйнабай, Жогорку Кеңеш менен тирештирбей, өткөн мыйзамга таянып, бирдикте эл үчүн иш аракеттерибизди жасай берели.

Анткени Конституциябыздын 73-беренесинин, экинчи пунктунун негизинде депутаттар

Президентти төмөнкү негиздер боюнча кызматтан четтетиши мүмкүн:

– Конституцияны жана мыйзамдарды бузгандыгы үчүн;

– Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына, сот бийлигинин органдарынын ишине мыйзамсыз кийлигишкендиги үчүн.

Бизде "ханституция" деп айткандар анык калпычылар!!!))), анткени президент Жогорку Кеңешти тарката албайт , а Жогорку Кеңеш президентке импичмент жарыялап кетире алат!

Бүгүнкү Коституциябыз эң парламенттик деп эсептелиши керек, анткени мурунку Текебаевтин Конституцияларыбыздын негизинде президенттер оңой эле Жогорку Кеңешти таратып салчы.

Азыркы геосаясий кырдаалда Президентибизге, дегеле мамлекетибиздин стабилдүлүгү үчүн сабыр, сабыр кылалы. Кытай элинин данышманы Лао-цзынын сөзү бар: "Если кто-то причинил тебе зло, не мсти, не иди в бой! Сядь на берегу реки, и вскоре ты увидишь, как мимо тебя проплывает труп твоего врага". ))) А биз кытай эмеспиз, биз кыргызбыз, ошон үчүн Таласка барып, Манастын күмбөзүнө сыйынып, ошол ыйык жерде конференция уюштуралы, баарлашалы, пикир алмашалы, келечекти талкуулайлы, урпактарыбызга акыл насаат, бай, заманбап мамлекетти калтырганга аракет кылалы.

Урматтоо менен сиздердин "чолок" делегат-коллегаңар Бакыт Бакетаев


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД