Кумтөрдү иштетүүгө жаңы жетекчилер каражатты кайдан алат?

"Кумтөр голд" ишканасынын бир айлык чыгымы 21 миллион долларга чамалайт. Анын ичинен маянага 4 миллион доллар, салыктарга 11 миллион доллардан ашык сарпталат.

БИШКЕК, 20-май - Sputnik. Кумтөрдө өндүрүш токтоп калган жок, алгачкы эки айлык кризистен чыгууга каражат табылды. Бул тууралуу "Кумтөр голд" компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, "Кумтөр голд" ишканасынын бир айлык чыгымы 21 миллион долларга чамалайт. Анын ичинен айлыкка 4 миллион доллардын тегерегинде, салыктарга 11 миллион доллардан ашык сарпталат.

"Бизде бир канча булактар бар, "Кыргыз алтын" ишканасындагы 20 миллион долларлык дивидендибизди алабыз. Кечээ Улуттук банк менен 29 миллион долларга келишим түзүп, алгачкы партиясын саттык. Мындан сырткары, Финансы министрлигинен 25 миллион доллар кредит алып жатабыз. Бул каражат алгачкы эки айлык кризиске жетет. Андан ары өзүбүз айына баасы 50 миллион доллардан ашык алтын чыгарып турабыз", - деди Бөлтүрүк.

Ошондой эле ал Кумтөрдө өндүрүш туруктуу иштеп жатканын айтып, мындай кырдаалда кызматкерлердин айлыгы азайбай турганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД