
19-20-июнь күндөрү Бишкек шаарындагы "Газпром-Балдарга" Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде кадеттер (14-15 жаш), өспүрүмдөр (16-17 жаш) жана чоңдор (18 жаш жана андан улуулар) арасында WKF каратэ боюнча Борбор Азиянын 8-чемпионаты болуп өттү.
Чемпионаттын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Улуттук каратэ-до федерациясы жана Борбор Азия каратэ федерациясы.
Жалпысынан 33 комплект медаль ойнотулуп, чемпионатка 4 мамлекеттин спортчулары катышты: Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан. Катышуучулардын жалпы саны 225 адам.
Чемпионаттын салтанаттуу ачылышы 19-июнда саат 12-00дө болуп өттү. Алгач "ООЕДОДАИКО" барабанчылар тобу чыгып, андан кийин эстрада жылдыздарыбыздын катышуусу менен чакан концерт тартууланды. Чемпионатты Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Абдымомунов Айбек Тынчылыкович ачып берди. Андан соң Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Төрөбаев Бакыт Эргешевич, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Букуев Медетбек Омошевич, Азия каратэ федерациясынын соттук коллегиясынын төрагасы Мансур Аль-Султан (Кувейт), Борбордук Азия каратэ федерациясынын президенти Сарсенбай Абдуллаев, Кыргыз Республикасынын улуттук Каратэ федерациясынын президенти Каныбек Турдумамбетов куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Чемпионаттын жыйынтыгы:
Кадеттер арасында (14-15 жаш)
Ката, эркектер:
1-орун. Титов Роман (Казакстан)
2-орун. Егоров Дмитрий (Казакстан)
3-орун. Аджахунов Абубакир (Кыргызстан)
3-орун. Атамурадов Пархат (Түркмөнстан)
Кумитэ - 52 кг:
1-орун. Ерлан Ердаулет (Казакстан)
2-орун. Абдыкадыр Мирас (Казакстан)
3-орун. Таганов Эркин (Түркмөнстан)
3-орун. Сабуров Алишер (Өзбекстан)
Кумитэ -57 кг:
1-орун. Калпакбай Турар (Казакстан)
2-орун. Мырзатай Диас (Казакстан)
3-орун. Сатымкулов Кутман (Кыргызстан)
3-орун. Исмаилов Барсбек (Кыргызстан)
Кумитэ -63 кг:
1-орун. Гурбанназаров Гурбанназар (Түркмөнстан)
2-орун. Капаркулов Ержан (Кыргызстан)
3-орун. Казакбай Айкын (Казакстан)
3-орун. Абилжан Рамазан (Казакстан)
Кумитэ -70 кг:
1-орун. Нурлан Акназар (Казакстан)
2-орун. Кайратулы Даниял (Казакстан)
3-орун. Оконов Барсбек (Кыргызстан)
3-орун. Аджахунов Абубакир (Кыргызстан)
Ката, аялдар:
1-орун. Хидриева Амина (Казакстан)
2-орун. Алмазова Эмилия (Кыргызстан)
3-орун. Ислям Аружан (Казакстан)
3-орун. Сейлбек Сымбат (Казакстан)
Кумитэ -47 кг:
1-орун. Керим Альфия (Казакстан)
2-орун. Джолдошбекова Адеми (Кыргызстан)
3-орун. Маулетказы Аяжан (Казакстан)
3-орун. Барлыкказы Айбиби (Казакстан)
Кумитэ -54 кг:
1-орун. Алтынбек Асемай (Казакстан)
2-орун. Натальченко Вера (Кыргызстан)
3-орун. Сарсенбай Нурай (Казакстан)
3-орун. Цацина Елизавета (Казакстан)
Кумитэ -61 кг:
1-орун. Сейлбек Сымбат (Казакстан)
2-орун. Койшыбай Гулнур (Казакстан)
3-орун. Аман Айша (Казакстан)
3-орун. Накыпбекова Амина (Казакстан)
Кумитэ +61 кг:
1-орун. Даян Деря (Кыргызстан)
2-орун. Байжигитова Даткайым (Кыргызстан)
3-орун. Исакова Даяна (Кыргызстан)
Өспүрүмдөр арасында (16-17 лет)
Ката, эркектер:
1-орун. Аннаоразов Ислам (Түркмөнстан)
2-орун. Ковылин Ростислав (Кыргызстан)
3-орун. Бекбалаев Аттила (Кыргызстан)
3-орун. Адылов Санжар (Кыргызстан)
Кумитэ -55 кг:
1-орун. Торебек Елнур (Казакстан)
2-орун. Усонбеков Кадыр (Кыргызстан)
3-орун. Хамраев Дастонбек (Өзбекстан)
3-орун. Атаев Ровшен (Түркмөнстан)
Кумитэ -61 кг:
1-орун. Жарылкасын Данияр (Казакстан)
2-орун. Муса Нурасыл (Казакстан)
3-орун. Батырбеков Максат (Кыргызстан)
3-орун. Акылбек уулу Эрлан (Кыргызстан)
Кумитэ -68 кг:
1-орун. Ильясов Мухаммед (Кыргызстан)
2-орун. Нысанбай Ахмет (Казакстан)
3-орун. Давлатов Шохрузбек (Өзбекстан)
3-орун. Сайранулы Ернур (Казакстан)
Кумитэ -76 кг:
1-орун. Адамалиев Михаил (Кыргызстан)
2-орун. Адылов Санжар (Кыргызстан)
3-орун. Ковылин Ростислав (Кыргызстан)
3-орун. Кубанычбеков Медербек (Кыргызстан)
Кумитэ +76 кг:
1-орун. Нургалиев Нурсултан (Казакстан)
2-орун. Аянулы Санжар (Казакстан)
3-орун. Исраилов Толибжон (Өзбекстан)
3-орун. Ораздурдыев Даянч (Түркмөнстан)
Ката, аялдар:
1-орун. Тен Ульяна (Кыргызстан)
2-орун. Хамидова Сайёра (Өзбекстан)
3-орун. Давлатярова Севинчой (Өзбекстан)
Кумитэ -48 кг:
1-орун. Сагидулла Асель (Казакстан)
2-орун. Мараткызы Диана (Казакстан)
3-орун. Ярова Дали (Кыргызстан)
3-орун. Таирова Амина (Кыргызстан)
Кумиэ -53 кг:
1-орун. Шарахан Айшабибi (Казакстан)
2-орун. Тен Ульяна (Кыргызстан)
3-орун. Эсенкулова Сезим (Кыргызстан)
3-орун. Тургунбекова Акинай (Кыргызстан)
Кумитэ -59:
1-орун. Дуйсенбай Алина (Казакстан)
2-орун. Каржау Асель (Казакстан)
3-орун. Султанбек кызы Акбермет (Кыргызстан)
3-орун. Ибрайымова Эльнура (Кыргызстан)
Кумитэ +66:
1-орун. Савидова Асылай (Казакстан)
2-орун. Ким Арина (Кыргызстан)
Кат, эркектер:
1-орун. Мади Катешов (Казакстан)
2-орун. Кенжалиев Ердос (Казакстан)
3-орун. Бабаев Дидар (Түркмөнстан)
3-орун. Султанов Кудаяр (Кыргызстан)
Кумитэ -55 кг:
1-орун. Пардабоев Сардор (Өзбекстан)
2-орун. Сейитгулиев Арзуф (Түркмөнстан)
3-орун. Каландаров Шадиёр (Өзбекстан)
3-орун. Каражаев Юсуп (Түркмөнстан)
Кумитэ -60 кг:
1-орун. Алпысбай Кайсар (Казакстан)
2-орун. Темралиев Дархан (Казакстан)
3-орун. Байтореев Еркинбек (Казакстан)
3-орун. Бигабыл Жоламан (Казакстан)
Кумитэ -67 кг:
1-орун. Амирали Дидар (Казакстан)
2-орун. Мухат Айдос (Казакстан)
3-орун. Сапаргалиев Аскар (Казакстан)
3-орун. Нурланбек уулу Калыс (Кыргызстан)
Кумитэ -75 кг:
1-орун. Ажиканов Нурканат (Казакстан)
2-орун. Нурланов Назим (Кыргызстан)
3-орун. Нурберген Дамир (Казакстан)
3-орун. Батыргали Абильмансур (Казакстан)
Кумитэ -84 кг:
1-орун. Юлдашев Данияр (Казакстан)
2-орун. Тарнакин Никита (Казакстан)
3-орун. Назмурадов Давуд (Түркмөнстан)
3-орун. Улбек Диас (Казакстан)
Кумитэ +84 кг:
1-орун. Шадыканов Адилет (Кыргызстан)
2-орун. Толтай Аблай (Казакстан)
3-орун. Худайбердиев Санепес (Түркмөнстан)
3-орун. Анарбеков Диас (Казакстан)
Кат, аялдар:
1-орун. Кошкарбаева Лия (Казакстан)
2-орун. Сигалова Владлена (Казакстан)
3-орун. Сагынбаева Милана (Кыргызстан)
3-орун. Касикова Натали (Кыргызстан)
Кумитэ -50 кг:
1-орун. Жанбырбай Молдир (Казакстан)
2-орун. Турсынбекова Айгерим (Казакстан)
3-орун. Абжанова Малика (Казакстан)
3-орун. Айсаева Умида (Казакстан)
Кумитэ -55 кг:
1-орун. Усенова Гулмира (Казакстан)
2-орун. Бакирова Айжан (Казакстан)
3-орун. Самашева Белла (Казакстан)
3-орун. Расулова Ситора (Кыргызстан)
Кумитэ -61 кг:
1-орун. Канай Асель (Казакстан)
2-орун. Ценгель Николь (Казакстан)
3-орун. Мусаева Жамиля (Кыргызстан)
Кумитэ -68 кг:
1-орун. Аликул Лаура (Казакстан)
2-орун. Тизимбай Нурия (Казакстан)
3-орун. Жаксыбаева Венера (Казакстан)
3-орун. Исакова Алия (Кыргызстан).
Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча командалар арасында биринчи орунду 25 алтын, 20 күмүш, 22 коло медаль менен Казакстандын курама командасы, экинчи орунду 5 алтын, 11 күмүш, 25 коло медаль менен Кыргызстандын курама командасы, үчүнчү орунду 2 алтын, 1 күмүш жана 8 коло медаль менен Түркмөнстан курама командасы, төртүнчү орунду 1 алтын, 1 күмүш жана 6 коло медаль менен Өзбекстандын курама командасы ээледи.