Биринчи айым гана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көйгөйүн ооздуктай алат

Сокулук районунун Селекционный айылында 35 жаштагы аялдын кулак жана муруну кескиленди. Мындай жырткычтык ишти, эки балалуу болгончо он жылдай чогуу жашаган келиндин мурунку күйөөсү кызганычтан улам жасаптыр.

Маалым болгондой, аял буга чейин милицияга мурунку күйөөсүнө карата чара көрүү өтүнүчү менен бир нече жолу укук коргоо органдарына кайрылган. Биринчи жолу 2022-жылдын 1-сентябры, андан кийин 2023-жылдын 31-январында. Эки жолу тең ага карата зордуктоо болгону тууралуу арыз жазылган. Зордуктаган адам кармалды, кылмыш иши козголду, иш сотко өттү... Бирок, андан ары эч кандай жаза колдонулган эмес.

Өткөн жылдын сентябрь айында жабырлануучу өзү тосмо арыз жазган соң, быйыл гана Сокулук райондук соту соттолуучуну күнөөлүү деп таап, пробациялык мөөнөт берген.

Бирок, ушундай да "жумшак өкүм" Э.А. аттуу жаранды (келиндин мурунку күйөөсү) канаатандырбагандыктан, ал Чүй облустук сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылган. Учурда сот процесси жүрүп жатат. Ал эми Э.А., ага карата кыйраткандай деле жаза колдонулбай турганын сезгенде, биротоло башын жоготуп, дагы бир кандуу кылмышка барган.

Эми ал кандай жазага тартылат? Кайра пробациябы? Же - дагы бир тосмо арызбы (мындай да болушу мүмкүн)? Кыргызстанда мындай иштер кандай чечилип келгенин эске алганда, күйөө сөрөйдүн толтура тууган-туушкандары келиндин астына түшүп баштайт. Боор ооруткан сөздөрдү айтып башташат. Ортодо балдар турат... Жашоосун буза көрбө, тагдырын талкалаба... Антип жакшылык таппайсың... Акыр-аягында сен баарына өзүң күнөөлүүсүң - эркекти дүрбөлөңгө салып, аны чектен чыгып кеткен абалга чейин жеткирип салган турбайсыңбы деп ишендиришет. (Эркек деген, күйөө деген - падыша жана кудай, аны карап, бапестеп багып, анын бардык каалоолору аткарылышы керек да) ...

Таптакыр болбой жаткан учурда акча сунуштап башташат. Акча деле анчалык көп эмес: Кыргызстанда аялдын өмүрү жана ден соолугу арзан эле бааланат. Анан кылмышкер менен элдешүүгө мажбурлашат. Бул Кыргызстан үчүн жаңылык деле болбойт.

Баса, "Кыргыз Республикасы" деген расмий аталышка караганда өлкөбүздү Кыргызстан деп көбүрөөк атаганыбызды байкадыңызбы? Эч кандай айырмасы жоктой, бирок тереңирээк карасаң... Кыргызстан – эркектердин абалын билдирген эркектик сөз. Бул жерде гана алар өздөрүн жогорку класстын адамдары деп эсептешет жана аларга бардыгына уруксат берилгенине ишенишет. Киргизия деп аталып турганыбызда мындай мыйзамсыздык байкалган эмес.

Акыркы убакта коомчулук эмнегедир Алай ханышасын унутуп калгандайбыз. Аз убакыт мурун эле эле кыргыз жигиттери Курманжан датканы Кыргызстандын чыныгы символу экенин, жалпысынан дүйнөдө жана биздин өлкөдө энелер тынчтыктын ачкычы экенин, Кыргызстанда аялды жашына карабастан урматташ керек экенин моюнга алып турушкандай болду эле.

Ал эми аялды жар, эне катары айта турган болсок, ал эки эсе сыйга татыктуу. Эркек мамонттун артынан чуркап/согушуп/саясат менен алек болуп жатканда, аны күчтүү жана ишенимдүү тыл менен камсыз кылган аял. Эркекти келечектеги жоокер/саясатчы/президент кылып төрөгөн, өстүргөн, тарбиялаган аял...

Элдик оюн-зоок – атчан жигит менен кыз кезек-кезеги менен бири-бирин кууп жетүүгө тийиш болгон "кыз куумай" оюну унутта калды. Жигит кууп жетсе сулууну өөп алганга укук алат, жетпей калса кыз жигитти камчылайт. Аялды барктабаган, такыр баалабаган калк мындай оюндарды ойномок эмес.

Анан эле эмнегедир азыркы Кыргызстандын эркектери аялдын баасын бир тыйын деп чечип коюшкандай сезиле баштады. Аялда укук жок, милдеттери гана бар. Чындыгында аял уурдалып, ала качылып, физикалык жана психикалык жактан кемсинтилип, алтургай өлтүрүлүшү мүмкүн экендиги боло берүүчү эле көрүнүшкө айлангандай. Ал үчүн эч нерсе болбойт.

Өткөн жылы эле статистика боюнча аялдарга карата зомбулукка байланыштуу алты жарым миң кылмыш иши козголгон. Бул көшөгө артында калгандардын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Анткени аялдардын көпчүлүгүн сен эч ким эмессиң деген түшүнүккө сугарып салышкандай. Эгер зордукталган болсоң, анда өзүң күнөөлүүсүң, сен ачык кийинбей жүрүшүң керек; токмоктолсо - бул да анын күнөөсү: ал өзүн "нормально" алып жүрүш керек болчу, айтканды аткарып; өлтүрүп салышса – мейли, өтө деле чоң жоготуу эмес. Мына ушундай мамиле кадимки болуп бараткандай...

Караколдук 33 жаштагы мугалим – жумушундагы мыкты адис жана кадыр-барктуу жаш келин уксус ичип, ооруканада кыйналып каза болгон. Аны мындай кадамга барышына дээрлик күн сайын кемсинтип, сабаган күйөөсү себепчи болгон. Байкуш келин үйдөн качып кетчү, бирок, тиги зордукчул аны кайра алып келип, күч менен оозуна арак куюп, кайра сабап турчу экен...

Ошол эле Караколдо дагы бир күйөө сөрөй аялына бензин чачып, өрттөп жиберген...

Сузакта аялынын колун байлап, мойнуна машинанын дөңгөлөктөрүн илип, бетке уруп, муздак суу куюп, баарын камерага тартып алган эркектин кылыгы көпчүлүктүн эсинде болсо керек...

Ушул эле Сузакта 48 жаштагы киши 9 жаштагы кызды зордуктап өлтүргөн...

Ошто күйөөсү аялы менен кайненесин өлтүрүп салган...

Мындай "жигиттер" өзүнө тиешелүү деп эсептеген аялдарды кемсинтип, сабап бүткөндөн кийин, агрессиясын башкалардан чыгарып башташат. Акыр-аягында ал алдынан ким чыкканына карабай зомбулук көрсөтө баштайт - балабы, карыябы, майыппы же, ошол учурда агрессордун жакындарына жардам көрсөтүп жаткан тез жардам дарыгери болсо дагы. "Жигит" эми кимди кааласа сабап, муунтуп же кескилей берет, эң негизгиси жабырлануучу андан алсызыраак, жооп кайтара албай тургандай болушу керек.

Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылды (коркунучтуу рекорд). Чынын айтканда, аялдар үчүн эле эмес физикалык жана психикалык жактан алсыз болгон ар бир адам үчүн кооптуу деген сөз да бул. Эгер сиз жооп кайтара албасаңыз, анда өлдүң дей бер. Сенин эсебиңден өзүнүн эркектик эгосун сугарып алгысы келген бир жинди сөзсүз табылат.

Эмне кылуу керек? Зордук-зомбулук (адам өлтүрүү менен аяктаган) иштердин сотко өтуп, адилет өкүм чыккан учурлардын канчасын билебиз? Зордукчулду жабырлануучулардын өздөрү кечирет, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жалган "эркектердин тилектештигинен" улам камактан бошотуп, соттор тарабынан пробацияга же шарттуу түрдө жазага тартылышат (соттордун көбү да эркектер). Ал эми көптөгөн укук коргоочулар (ал тургай укук коргоочу аялдар да) "Зомбулукка жол жок!" деген куру-бекер ураандар менен алек. Же болбосо, балдарга атасынын ысымы менен эмес кааласа апасынын ысымы менен фамилия берүү (матчество) укугу үчүн күрөш деп жүрүшөт. Кеп анда эмес да?!

Балким, Кыргызстандын биринчи айымы демилгени өз колуна ала турган учур келген чыгар. Айгүл Жапарова күйөөсүнө тыл, таяныч болуу, аны менен ийгиликтерди, турмуштун кыйынчылыктарын чогуу өтүү кандай экенин билет. Анын билими бар, жашоодогу туура позициясы бар, анын фундаменти бар – ал өз ишмердүүлүгүн эркектердин зордук-зомбулуктарын жана аялдардын алсыздыгын жок кылууга багыттай алмак. Биринчи айымда, чектен чыккан жоруктарды ооздуктап, Курманжан даткадай коомчулукка зор салым кошуу мүмкүнчүлүгү бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД