
2023-жылдын январь айынан октябрь айына чейин жол кырсыктарын алдын алуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө жана козголгон кылмыш иштерге карата прокурордук көзөмөлдүн абалы
Жол кырсыктарын алдын алуу, алардын жаралышына бөгөт коюу мамлеттик жана муниципалдык органдардын, адистештирилген билим берүү мекемелеринин, деги эле жалпы коомчулуктун алдында актуалдуу маселе боюнча калууда.
2023-жылдын 9 айында Бишкек шаарынын аймагында жол транспорт кырсыгы боюнча 2 034 факты катталып, 1 908 материал боюнча айдоочуларга карата административдик тартипте чаралар көрүлгөн, 126 учур боюнча кылмыш иштер козголгон. Ал иштердин арасынан 101 иш соттук кароого жиберилип, 25 кылмыш иш тараптардын жарашуусу менен өндүрүштөн кыскартылган.
Белгилеп кетүүчү жагдай, козголгон кылмыш иштер боюнча көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 38 учурга азайган, башкача айтканда кылмыш категориясына кирген жол транспорт кырсыктарынын саны төмөндөгөн.
Алсак, жол кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелер тарабынан биргеликте иш-чаралар уюштурулуп, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан мектеп окуучулары арасында жана окуу жайларда студенттер арасында жол коопсуздуктары боюнча семинардык окуулар жана түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлөт.
Аны менен бирге Бишкек шаарынын аймагында укук коргоо органдарынын ведомстволор аралык атайын рейд иштери туруктуу негизде жүргүзүлүп, рейд учурунда аныкталган мыйзам бузууга жол берген күнөөлүү айдоочуларга карата тийиштүү чаралар көрүлүп келет.
Айдоочулукка окуткан билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү, алар тарабынан берилген документтердин мыйзамдуулугу, айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн өткөрүлчү сынактардагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында текшерүүлөр жүргүзүлүп турат.
Көрүлүп жаткан аракеттерге карабай, жол кырсыктарынынын негизги себептери, автотранспорт каражаттарын башкарган айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин так сактабагандыгынан, айрым учурларда аларды билбегендигинен, автоунааларды катуу ылдамдыкта айдап карама-каршы жолдорго чыгып кеткендигинен, жөө жүрүүчү жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөргө жакшы көңүл бурбагандыктан, жол чырактардын сигналына көңүл бурбагандыктан, автотранспорт каражаттарын туура эмес токтотуп кооптуу кырдаал түзгөндүктөн, автоунааны мас абалында башкаргандыктан жана айдоочулар өз милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле кылгандын натыйжасы болууда.
Тилеке каршы практикада автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу менен чектелбестен, жол кырсыгынын кесепетинен жабырланган адамдарды коркунуч абалда калтырган фактылар дагы кездешет.
Мисалы, 2023-жылдын башында О.А. атту жаран автоунаасын Бишкек шаарынын Гагарин көчөсү менен башкарып бара жатып көчөнүн ортосунда турган жөө жүргүнчү Э.Б. сүзүп, жабырлануучуга жардам көрсөтпөй окуя болгон жерден качып кеткен.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө ыкчам иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы унаанын айдоочусу аныкталып, ал камакка алынган.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча айдоочу О.А. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 312-бер. 2-б. (авторанспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу), 144-бер. 2-б. (коркунучта калтыруу) менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, иш негизинен кароо үчүн сотко жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, шаардык прокуратура тарабынан жол коопсуздугун камсыдаган инспекторлордун административдик ишмердүүлүгүнө жана тергөө органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышына такай көзөмөлдө турат.
Каралып жаткан мезгил ичинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечимдери чыгарылган 32 материал боюнча токтом жокко чыгарылып, алардын ичинен 8 учур боюнча кылмыш иши козголгон.
Процессуалдык чечимдерди чыгарууда жол берилген кемчиликтер боюнча тиешелүү прокурордук актылар киргилилип, 3 милиция кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылышкан.
Ошондой эле, прокуратура органдары тарабынан бул багытта жарандардын арыз-даттануулары кылдаттык менен каралып, аларды кабыл алуу менен текшерүү иштери жүргүзүлүп келет.
Жол кырсыктарын алдын алуу, жасалган кылмыш жосундар боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу багытында мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү прокурордук көзөмөлдө.