КРдагы майыптыгы бар аялдардын абалы: чакырыктар жана перспективалар

2023-жылдын 7-декабрында жыл сайын белгиленүүчү Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата жана гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында "Кыргызстандагы майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын абалы:чакырыктар жана перспективалар" пресс-кафеси өткөрүлдү. Кампания 25-ноябрь Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь Адам укуктарын коргоо күнүнө чейин уланды.

Кыргызстанда зомбулукка көбүнчө кыздар жана аялдар, анын ичинде майыптыгы бар аялдар жана кыздар кабылышат. Көбүнчө алар өз укуктарын билбегендиктен, алсыздыктан, көз карандылыктан жана дискриминациядан улам аларга жасалган зордук-зомбулук тууралуу айта алышпайт.

Пресс-кафенин максаты:

• Аялдар менен кыздарга болгон зордук-зомбулуктун деңгээлин азайтууга көмөк көрсөтүү;

• Кыргызстандын инклюзивдик өнүгүүсүнүн гендердик аспектилери боюнча журналисттердин маалымдуулугун жакшыртуу;

• Майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укугун коргоо боюнча учурларды ЖМКларда кененирээк жана сапаттуу чагылдырууга көмөк көрсөтүү;

• Медиа коомчулук менен майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо боюнча иш алып барган уюмдардын активисттери,эксперттер менен байланыш түзүү;

Пресс-кафеге журналисттер, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, коомдук уюмдар, майыптыгы бар аялдар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, медиа жана гендердик эксперттер катышты.

Пресс-кафенин алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин жана Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин орун басары Жаныл Алыбаева, гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, анын ичинде майыптыгы бар аялдарга жана кыздарга болгон зомбулуктун алдын-алуу маселеси мамлекеттин артыкчылыкттуу багыттарынын бири экенин белгиледи.Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактардагы бардык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, бардык мамлекеттик органдарга үй-бүлөлүк зомбулукту алдын-алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү, оор турмуштук кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөр жана балдар менен иштей турган социалдык кызматкерлерди этап менен киргизүү сунуштарын киргизүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында кризистик борборлорду колдоо үчүн каржылоонун көлөмү көбөйтүлөт.

Ал ошондой эле гендердик саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүн Кыргызстандын өкмөтүнүн жана жарандык коомдун демократияны өнүктүрүү, адам укуктарын коргоо жана гендердик, социалдык теңчиликти илгерилетүү боюнча аракеттерин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. Министрлик "InKoom –адам укуктарын коргоо, дискриминацияны жоюу жана гендердик теңчиликке жетүү максатында, жарандык коом уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын потенциалын чыңдоого багытталган Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү" долбоорунун иш-аракеттерин кубаттай турганын жана колдой турганын белгиледи.

Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Ханс Фарнхаммер, өз сөзүндө Европа Биримдиги Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана жарандык коомунун аялдар менен эркектердин, кыздар менен балдардын, өзгөчө майыптыгы бар аялдардын жана балдардын тен укуктарга жана тен мүмкүнчүлүктөргө жетүүсүн камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдоп келгенин жана колдой турганын белгиледи.

"Теңдик, адам укуктары, эркиндик жана демократия менен бирге Европа Биримдигинин негизин түзгөн негизги баалуулуктардын бири. Гендердик теңчилик коомду байытат жана аны туруктуураак кылат. Бул тынчтыктын, коопсуздуктун, экономикалык гүлдөп-өнүгүүнүн жана туруктуу өнүгүүнүн маанилүү компоненти. Гендердик теңчиликти коргоо жана алдыга жылдыруу Европа биримдигинин келишимдерине ылайык милдеттүү болуп саналат", - деп жыйынтыктады Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү.

Андан кийин викторина болуп, анда баалуу сыйлыктар жана долбоордун мерчлери ойнотулду:

"Социалдык технологиялар агенттиги" КБ жетекчиси Зульфия Кочорбаева, жарандык коомдун, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын дискриминациянын бардык формалары жана өзгөчө аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү потенциалын чыңдоо жана аялдардын укуктары маселелери боюнча саясий диалогго көмөк көрсөтүү жана этностук таандыгына, динине жана майыптыгына карабастан аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу активдүү катышууну жана инклюзивдүү өнүгүүнү, чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуу "InKoom – Кыргызстанда адилеттүү жана инклюзивдүү коомдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү" долбоорунун максаттары жана милдеттери жана орто натыйжалары менен тааныштырды.

Андан кийин, майыптыгы бар аялдарга болгон гендердик дискриминацияны алдын алуу жана чара көрүү, ошондой эле экономикалык укуктарын кеңейтүү боюнча "InKoom" долбоорунун алкагында берилген суб гранттар боюнча маалымат берилди.

"Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы" КБ жетекчиси Зульфия Турумбекова субгрант жөнүндө маалымат берди. Ассоциация ишке ашырган субгранттын негизги максаты– комплекстүү талдоо, жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу жана операциондук стандарттарды кабыл алуу же жаңылоо жолу менен, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн потенциалын уюштуруу жана илгерилетүү жана майыптыгы бар аялдардын укуктарын реалдуу кейстер аркылуу коргоо жана жылдыруу.

Укөй Мураталиева экинчи субгрант жөнүндө маалымат берип жатып, бул субгранттын алкагында, майыптыгы бар 100 аялдар жана кыздар жумшак көндүмдөр боюнча тренингге катышып, Бишкек жана Ош шаарларында 50 дөн ашык майыптыгы бар аялдар жана кыздар жаңы кесипке окутулат жана 40тан кем эмес окуудан өткөн майыптыгы бар аялдар жана кыздар ийгиликтүү жумушка орноштурула турганын белгиледи(туруктуу же фриланс түрүндө). Ошондой эле, окутуудан өткөн аялдардын базасын түзүү жана потенциалдык жумуш берүүчүлөрдүн арасында жайылтуу, маалымат кампанияларды өткөрүү, жумуш жарманкелерине катышуу каралган.

Бирюкова Виктория айым презентациясында КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ГЕНДЕРДИК ЖАНА ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨНҮГҮҮ: ЧАКЫРЫКТАР ЖАНА СУНУШТАР долбоордун базалык изилдөөсү жөнүндө айтып берди. Ал дүйнө жүзүндөгү майыптыгы бар аялдар жана кыздардын коомдук жана жеке мейкиндикте кабыл болгон дискриминация жана олуттуу тоскоолдуктары жөнүндө маалымат берди. Эл аралык укукта белгилүү болгондой, аялдар жана кыздардын зомбулукка кабыл алуу коркунучу көбүрөөк, алар көп түрдүү дискриминацияга кабыл болушат. Активист мамлекетте инклюзия жана гендер боюнча иштерди улантуу керектигин, бул иштерди жарандык коомдун уюмдардын катышуусу менен ведомство аралык иштешүүнүн бардык деңгээлинде өткөрүү керек дейт.

Пресс-кафеде майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укугун коргоо боюнча иш алып барган уюмдардын активисттерин тааныштыруу уюштурулду жана алардан ар тараптуу интервью алуу үчүн шарттар түзүлдү: билим алуу мүмкүнчүлүгү, экономикалык мүмкүнчүлүктөр, саясатка катышуу, репродуктивдүү укуктар, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук, аялдардын лидерлиги ж.б.

Пресс-кафе Европа Биримдигинин финансылык каржылоосу менен "Социалдык технологиялар агенттиги" КБ тарабынан ишке ашырылып жаткан "Адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө багытталган InKoom" долбоорунун алкагында уюштурулду.

Иш-чаранын материалдары орус жана кыргыз тилинде бул жерде, сайтта, "Социалдык технологиялар агенттиги" КБ социалдык тармактарында жеткиликтүү.

Сайт: https://sta.kg/

Фейсбук: https://www.facebook.com/stakg

Инстаграм: https://www.instagram.com/sta_kg_/

Ютуб: https://www.youtube.com/@sta_kg/


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД