Неонатология жаатындагы көйгөйлөр менен жетишкендиктер. Адис жооп берет

Дүйнө жүзүндө жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты жыл сайын өсүүдө. Жабдуулар, медициналык препараттар өркүндөтүлүп, клиникалык протоколдор башкадан түзүлүп, неонаталдык кам көрүү боюнча жаңы колдонмолор киргизилүүдө.

Өлкөдөгү неонатология жаатындагы көйгөйлөр менен жетишкендиктер, келечектеги максаттар жөнүндө билүү максатында Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана ара төрөлгөн балдардын патологиясы бөлүмүнүн башчысы Абдувалиева Сагын Ташиевнага кайрылдык.

Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсеңиз. Анын алдында кандай максаттар жана милдеттер коюлган?

Өлкөдө жыл сайын болжол менен 150-160 миң бөбөк төрөлөт. Тилекке каршы, биз жаңы төрөлгөн жана бир жашка чейинки балдардын өлүмүнүн жогорку көрсөткүчүнө туш болуп жатабыз. Бизде неонатология жаатында квалификациялуу адистер жетишпейт. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 250 гана неонатолог-дарыгерлер катталган. Бул 7 миллиондон ашуун калкы бар өлкө үчүн албетте аз.

Жалпысынан Бишкек менен Ош шаарларында эки ири перинаталдык борбор бар. Мындан тышкары, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (клиникалык төрөт үйү) иштейт. Бирок, адистер менен медициналык кызматкерлер жетишпейт. Андыктан, биз неонатологияны колдоо жана өнүктүрүү максатында неонатологдор ассоциациясын түзүүнү чечтик.

Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясы 2016-жылы түзүлгөн. Анын негизги максаты - жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө дарыгерлер менен медайымдардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу.

Биздин милдеттерге медициналык кызматкерлердин укуктары менен таламдарын коргоо, эл аралык кызматташтыкты өркүндөтүү, далилденген практикага негизделген клиникалык протоколдорду, колдонмолорду үзгүлтүксүз даярдоо жана жаңыртуу кирет. Мындан тышкары, тажрыйба алмашуу, заманбап неонаталдык практикага адистерди тартуу үчүн билим берүү жана илимий иш-чараларды - конгресстерди, форумдарды уюштуруп, өткөрүүнүн үстүндө иш алып барабыз.

Ымыркайларга кам көрүүнү жакшыртуу боюнча ассоциациянын жетишкендиктерине токтолуп кетесизби?

Биздин ассоциация неонтология багытында бир катар чоң иштерди жасады. Жаңы төрөлгөн ымыркайларга кам көрүү боюнча 20дан ашык клиникалык протоколдор менен көрсөтмөлөрдү иштеп чыгып, аларды а ийгиликтүү ишке ашырдык. Учурда жаңыларын иштеп чыгууну улантып жатабыз. Алдыңкы эл аралык эксперттердин катышуусунда 5 форум өткөрдүк.

Биз "Эл-Ди-Эс Черитиз" кайрымдуулук фонду, "Америка-Австрия" фонду, "Ачык медициналык коомчулук" коомдук бирикмеси сыяктуу эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташабыз. Мындай кызматташтык неонатологдор ассоциациясынын өнүгүүсү үчүн негизги ролду ойнойт. Мисалы, биз Колумбия, Флорида жана Вена университеттеринин алдыңкы профессорлорунун катышуусу менен "Эне менен баланын саламаттыгы" аталышындагы чоң сателиттик симпозиумду уюштурдук.

Мындан тышкары, жаш адистер үчүн "COVID-19" жана перинаталдык медицинанын актуалдуу көйгөйлөрү боюнча жайкы жана күзгү мектептерди өткөрдүк.. Жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардамдын жогорку деңгээлин камсыз кылуу максатында неонатологдор үчүн кесиптик стандартты иштеп чыктык.

Кыргызстандагы неонатологияны өнүктүрүүдө эл аралык кызматташтыктын ролу кандай?

Эл аралык кызматташтык өлкөдөгү неонатологияны өнүктүрүүдө чоң роль ойнойт. Айрыкча, Бириккен Улуттар Уюмунун донордук уюмдары, эл аралык фонддор төрөт жана балдар ооруканаларын, медициналык персоналды, эне менен баланын саламаттыгын сактоо жаатында иш жүргүзгөн билим берүү мекемелери менен жамааттарды активдүү колдошот.

Мындай кызматташуу менен биз каржылык жардам гана эмес, жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардамдын сапатын бир топ жакшырткан мыкты дарылоо жана билим алуу мүмкүнчүлүгүн ала алабыз.

"Эл-Ди-Эс Черитиз" кайрымдуулук фонду менен кызматташуу тууралуу айтып берсеңиз?

"Эл-Ди-Эс Черитиз" уюму менен неонатологдор ассоциациясынын ортосунда узакка созулган жана жемиштүү кызматташтык тарыхы бар.

2009-жылдан тарта жаңы төрөлгөн ымыркайларга алгачкы реанимациялык жардам, аларга кам көрүү жана төрөт учурунда энелерге тез жардам көрсөтүү боюнча аракеттерибизди жигердүү колдоп келе жатат.

Кызматташуунун жүрүшүндө биз Кыргызстандагы неонатологиянын абалы боюнча статистиканы чогуу талдап чыгып, жашоонун биринчи күнүндө тез жандандыруунун жетишсиздигинен улам каза болгон ымыркайлардын санын бир кыйла азайта алдык. Бул биздин "Эл-Ди-Эс Черитиз" фонду менен биргелешкен, жемиштүү аракеттерибиздин үзүрү жакшы болуп жатканынан кабар берет.

"Эл-Ди-Эс Черитиз" кайрымдуулук фонду менен ишке ашырылган долбоорлордун алкагында Сиздерге сунушталган инновациялар же алдыңкы усулдар Кыргызстандагы неонатология жаатын өнүктүрүүгө жардам бере алдыбы?

Ооба, "Эл-Ди-Эс Черитиз" менен биргеликте ишке ашкан алдыңкы усулдар өлкөбүздөгү төрөт үйлөрүн өнүктүрүүгө жакшы түрткү берди. Алардын жардамы аркылуу ишке ашкан билим берүү программалары, мониторинг жана колдоочу экспертизалар биздин медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга жардам берди. Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясынын атынан биз бул баа жеткис колдоо үчүн фондко терең ыраазычылык билдиребиз.

"Эл-Ди-Эс Черитиз" кайрымдуулук фонду менен биргеликте кандай долбоорлор ишке ашырылды жана кандай жетишкендиктерди белгилей аласыз?

2019-жылы Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясы менен "Эл-Ди-Эс Черитиз" фонду биргеликте эки маанилүү долбоорду баштады.

Биринчиси, 2018-2020 - жылдары Чүй облусунда жана Бишкек шаарында ымыркайлардын баштапкы реанимациясына мониторинг жүргүзүүгө жана колдоого багытталган. 2021-2023 - жылдары долбоорду өлкөбүздүн эң алыскы райондоруна кеңейттик. Аларга Жалал-Абад облусунун 14 району менен Нарын облусунун 5 району кирди.

"COVID-19" пандемиясынын учурунда ассоциация "Эл-Ди-Эс Черитиз" тараптан абдан актуалдуу гуманитардык жардам алды. Өлкө боюнча жети төрөт борборлоруна баасы 25 000 АКШ доллары болгон жеке коргонуу каражаттары берилди. Мындан тышкары, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун неонаталдык блогуна 4 инкубатор, 4 монитор жана 15 пульсоксиметр алдык. Алардын дагы жалпы суммасы 25 000 АКШ долларын түздү. Бул жаңы төрөлгөн жана эрте төрөлгөн балдарга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапатын кыйла жакшыртты.

Бүгүнкү күндө "Эл-Ди-Эс Черитиз" менен биз дагы жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. 2024-жылдан тарта "Баштапкы реанимацияда жана жаңы төрөлгөн баланы багууда медициналык айымдар менен акушерлер үчүн медициналык билим берүү мекемелеринин потенциалын жогорулатуу" долбоору ишке ашырылууда. Долбоорго Кыргызстандагы медициналык колледждер тартылып, анын алкагында медициналык персоналды баштапкы даярдоо иштери жүргүзүүлүүдө.

Азыр долбоор Ош шаарында ишин баштады. Биринчи чоң семинар Бишкекте медициналык колледждердин бардык кызматкерлери жана окуучулары менен өттү.

Жакын арада дем алуусу кыйын төрөлгөн ымракайларгды Bubble SPAP жасалма дем алуучу аппараттары менен камсыз кылуу боюнча кызматташууну улантуу пландаштырылууда.

Учурдан пайдаланып неонатологдор ассоциациясынын, жеке өзүмдүн атымдан медициналык мекемелер менен биздин ассоциацияга үзгүлтүксүз колдоо жана жардам көрсөткөндүгү үчүн "Эл-Ди-Эс Черитиз" кайрымдуулук фондунун жетекчилигине терең ыраазычылык билдирем.

Фонддун салымы биздин өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагы жана жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугун жакшыртуу үчүн зор мааниге ээ экендигин белгилеп кетем.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД