Ozon Кыргызстандан Казакстанга товарларды сатууну жолго салды

2024-жылдын 27-марты – Ozon Кыргызстандан Казакстанга товарларды сатууну ишке киргизди. Ozon"дун Казакстандагы жергиликтүү витринасында кыргызстандык сатуучулардын дээрлик 50 миң товары пайда болду: мында кийим-кече жана бут кийим, курулуш жана ремонт иштери үчүн товарлар, ошондой эле китептер сыяктуу категорияларды табууга болот. Жаңы логистикалык багыттын ачылышы менен ишкерлер Казакстандагы жүз миңдеген жаңы кардарларга жетүүнүн эсебинен маркетплейстеги жүгүртүүнү көбөйтө алышат.

Сатуучу товарды Бишкектен жөнөткөн учурдан тартып, Алматыдагы кардардын колуна тийгенге чейинки орточо жеткирүү мөөнөтү 10 күндөн ашпайт. Товарларды жөнөтүү процесси кыргызстандык ишкерлер үчүн көнүмүш болуп калган логистикалык схемадан эч айырмаланбайт: Казакстанга жөнөтүү үчүн товарларды Бишкектеги Дордой базарынын аймагындагы буйрутмаларды кабыл алуу пунктунда, ошондой эле Кыргызстандын баш калаасындагы Ozon"дун сорттоочу борборунда тапшырууга болот. Казакстанга товарларды жеткирүүнүн баасы Орусияга караганда арзан болот – бир паллета үчүн 10 600 рубль жана көлөмүнө жараша бир куту үчүн 1760 рублдан 132 рублга чейин болот.

"Ozon"дун Казакстандагы жигердүү сатып алуучуларынын аудиториясы акыркы жылы 6 эсе өстү. Жаңы логистикалык агымдын ишке кириши менен биз маркетплейстин казакстандык витринасынын ассортиментин кеңейтип гана тим болбостон, кыргызстандык ишкерлерибизди сатууларды көбөйтүүгө шыктандыра алабыз. Өлкөлөр ортосундагы тез жана ыңгайлуу логистика, ошондой эле жагымдуу ассортимент биздин сатуучуларга Казакстандын тез өнүгүп жаткан рыногунда өз аудиториясын табууга жана товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Ozon"дун Кыргызстандагы коммерциялык директору Асель Тургунбекова.

Ozon Казакстан – Алматыда штаб-кеңсеси бар мультикатегориялык маркетплейс. 2021-жылдан бери компания Казакстандагы инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестиция салып, республикадагы интернет-соода чөйрөсүндөгү социалдык маанилүү беш компаниянын тизмесине кирет. Казакстанда жигердүү сатып алуучулардын саны 500 миңден ашты. Компания республикада алты логистикалык борборду башкарат, ошондой эле өлкөдө буйрутмаларды берүү пункттарынын эң чоң тармагын өнүктүрүүдө – алардын саны Казакстан боюнча 1300дөн ашты. Сатып алуучулар буйрутма жасаган товарларын "Казпочтанын" өлкө боюнча 2400дөн ашык каалаган почта бөлүмүнөн ала алышат же Алматы, Астана жана Караганда шаарларында курьердик жеткирүү кызматын колдонсо болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД