Төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 13 жашар бала табылды

Дайынсыз болуп жаткан 13 жашар Жоробек Акимжанов табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын тургуну 13 жаштагы Акимжанов Жоробек Асылжанович 14-июнь күнү саат 13:00 чамасында Сузак районунун Саты айылындагы чоң энесинин үйүнөн чыгып, Жалал-Абад шаарынын борбордук базарына келип, кайра үйүнө кайтып барган эмес.

Аны табышууга жардам сурап туугандары милицияга кайрылган.

Издөө иштеринин алкагында кайдыгер карабаган жарандар кабарлап, 13 жашар бала табылган. Ал 4 күндөн бери Жалал-Абад шаарында бирөөнүн үйүндө, анын балдары менен чогуу жашап жүргөн. Жоробек Жалал-Абад ШИИБине алынып келинип апасына өткөрүлүп берилди.

Баласы аман-эсен табылганына кубанып турган апасы милиция кызматкерлерине, баласын багып жүргөн үй-бүлөгө, коомчулукка маалымат жеткирүүдө көмөктөшкөн журналисттерге жана кайдыгер карабай маалыматтарды бөлүшкөн жарандарга ыраазычылык билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД