
Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан 2024-жылдын 6 айында "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыш иштер боюнча кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугуна үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүп келүүдө.
Алсак, 2024-жылдын 6 айында Кара-Суу РИИБ тарабынан жалпы 12 кылмыш иш козголуп, анын ичинен тергөөнүн жыйынтыгы менен 5 иш соттук кароого жиберилип, 5 иш башка иштерге бириктирилип, 2 иштин тергөөсү өндүрүштөн убактылуу токтотулган.
Мисалы; Кара-Суу районунун Манас айыл аймагына караштуу Жаңы-Маала айылынын Зияидин Ата көчөсүнүн номери жок үйүндө 10.10.1967-ж.т. Р.И. аттуу жарандын "Дэу-матис" үлгүсүндөгү мамлекеттик каттоо белгиси 06 KG 579 ABK сандуу болгон автоунаасына кечиктирилгис жагдайда тинтүү жүргүзүү учурунда, айдоочу олтурган олтургучтун астынан 2,53 грамм канабис чайыры-гашиш наркотикалык заты алынган.
Аталган факты боюнча, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 283-бер.
1-бөл. менен кɵрсɵтүлгɵн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен Б.Р аттуу жаранга жогоруда көрсөтүлгөн берене менен айыбы угузулуп, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин талаптарына ылайык негизинен соттук кароого жиберилген.
Учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын көрсөтмөсүнө ылайык Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштарга карата козголгон кылмыш иштер боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдердин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүлүп, бул багытта иштер улантыла бермекчи.
(Эскертүү: Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган бангизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат)
Кара-Суу районунун прокурорунун жардамчысы Э.Мамытов