Бакашова Жылдыз Кемеловна

Жылдыз Бакашова 1960-жылы 26-апрелде Каракол шаарында туулган. 1982-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин, 1988-жылы аспирантураны аяктаган.

ишмердүүлүгү:

1984-жылы эмгек жолун КУУнун Телерадио журналистикасы кафедрасында окутуучу болуп баштаган;

1992-2000 - Жогорку Кеңештин Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин эксперти, коомдук башталышта ЖК Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын кеңешчиси;

1999-2003 - Телерадио журналистикасы кафедрасынын башчысы, андан кийин КГНУнун Журналистика факультетинин деканы;

2003-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын проректору болуп дайындалган;

2005-жылдын майынан июлуна чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын Катчылыгынын эксперти;

2005-жылдын июль айында конкурстук негизде USAID Жогорку Билим берүү Академиясынын коомдук фондусунун директору болуп дайындалган жана ошол эле учурда "Кыргызстандагы БУУнун Өнөр жайын Чыңдоо жана Туруктуу Өнүктүрүү Мүмкүнчүлүктөрүн Тургузуу" долбоорунун эксперти болуп дайындалган;

2005-жылы ноябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору болуп дайындалган;

2021-жылы май айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД