Ислам дининдеги абройлуу аалымдар салттуу эмес секта катары тааныган "Таблиг Жамаат" кыймылы Исламга киргизген жанылыктарынын бири 3 кун, 40 кун, 4 айлык мөөнөткө даваатка чыгуу. Таблигчилер киргизген жанылыктын өзгөчөлүгү – даваат мээнетине жүргөн мусулмандардын жергиликтүү тургундардын үйлөрүн түрө кыдыруу жолу менен б.а. "гашт" ыкмасы аркылуу калкты динге тартуу. Чындыгында мындай форматтагы даваат жөнүндө ыйык Куранда да, Хадистерде да далилдүү маалымат түшкөн эмес.
Гашт ыкмасы – бул динди таркатуу үчүн көчөлөрдү жана үйлөрдү кыдыруу. Бул ыкма азыркы учурда эски жана туура эмес метод катары кабыл алынат, себеби заманбап коомчулук арасында гашт терс кабыл алынышы мүмкүн. Бул динди мажбурлоо же өтө ашыкча үгүттөөнүн белгиси катары кабылданып, коомдо түшүнбөстүк жана каршы пикирлерди жаратышы мүмкүн. Бул ыкманы заманбап шарттарга ылайыкташтырып, жаңы жана эффективдүү методдор менен алмаштыруу зарылчылыгы бар.
Гашт ыкмасы коопсуздук жагдайы тынч эмес аймактарда кооптуу болуп калышы мүмкүн. Жамаат мүчөлөрү коопсуздук коркунучтарына дуушар болушу мүмкүн. Гашт ыкмасы жергиликтүү маданиятка жана адаттарга дал келбейт. Жергиликтүү калк менен түздөн-түз байланышууга аракет кылуу кээде түшүнбөстүк жана маданий кагылышууларды жаратат.
Гашт жүргүзүү жергиликтүү жашоочулардын биримдигине жана ынтымагына терс таасир тийгизиши мүмкүн. Жергиликтүү жашоочулардын Таблиг жамаатынын методдорун кабыл албай, бул жаатташууга жана бөлүнүүлөргө алып келиши мүмкүн.
Гашт жүргүзгөндө, Таблиг жамаатынын мүчөлөрү жергиликтүү маданият жана салттарга ылайык келбеген иш-аракеттерди жасашы мүмкүн. Бул жергиликтүү калк менен түшүнбөстүктөрдү жана маданий кагылышууларды жаратат. Таблиг жамаатынын кийимдери башка маданиятты чагылдырат. Бул айырмачылыктар гашт учурунда жергиликтүү калктын нааразычылыгын жана түшүнбөстүгүн жаратат.
Бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугунда динге кызыгуу жогорку денгээлде, жана калкта дин тууралы жетиштүү маалымат бар, күн санап мечиттердин саны өсүүдө, диний илими бар аалымдарыбыз көп, ошол себептен азыркы күндө "гашт" ыкмасы менен динди таркатуу зарылчылыгы жок.