2024-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Онкология жана гематология улуттук борборунун (КР ССМ ОГУБ) Ядролук медицина бөлүмү алгачкы пациенттерин кабыл алды. Бул окуя Кыргызстандын медицинасында атомдун акырындык менен, бирок системалуу жана эффективдүү кайра жаралышын көрсөттү. 1961-жылдан бери республикада радиоизотоптук диагностикалык лаборатория иштеген. Медициналык изотоптор клиникалык процедуралар жана илимий изилдөөлөр үчүн кеңири колдонулуп, өлкөнү ядролук медицина тармагындагы лидерлердин бирине айланган. Бирок 1990-жылдары лаборатория иштебей калган.
2011-жылдан тарта өзөктүк медицина бөлүмүн ишке киргизүү боюнча иштер жанданды. МАГАТЭнын колдоосу менен технеций-99m генераторлорунун негизинде радиофармацевтикалык препараттарды чыгаруу үчүн радиофармацевтикалык дарыкананын жабдуулары жана радионуклиддик визуалдаштыруу үчүн венгриялык Mediso компаниясынын бир фотондуу эмиссиялык компьютердик томографы алынып келинди. 2023-жылы бөлүмдүн радиациялык коопсуздук талаптарына жана нормаларына шайкештиги жөнүндө уруксат берүүчү документтер алынган, ал эми 2024-жылдын июнь айында бөлүм бейтаптар үчүн ачылган. Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигинин Ядролук физика институту чыгарган технеций-99m генератору (ядролук медицинада эң көп талап кылынган изотоп) сатылып алынып, жеткирилип келинди, ал эми Радиохимия жана изотопторду өндүрүү борборунун адистери генератор менен иштөө боюнча бөлүмдүн кызматкерлери үчүн инструктаж өткөрүштү. "В/О Изотоп" АК ("Росатом" мамлекеттик корпорациясынын бөлүгү) технеций-99m негизиндеги радиофармацевтикалык каражаттарды даярдоо үчүн "муздак комплекттерди" белекке берди. МАГАТЭнын миссиясынын алкагында медицина кызматкерлери үчүн бейтаптарга нурлануунун дозасын эсептөө жана радиофармацевтикалык каражаттарды даярдоо ыкмалары, ошондой эле коопсуздук стандарттарын сактоо боюнча тренингдер уюштурулду (эксперт катары россиялык адистер катышты). Mediso компаниясы (SPECT-камеранын өндүрүүчүсү) жабдууларды оңдоп, сынап көрдү.
Азыр ядролук медицина бөлүмүндө визуалдаштыруунун заманбап ыкмасы жеткиликтүү болуп, анын жардамы менен онкологиялык ооруларды алгачкы стадияларда аныктоого болот. SPECT-визуалдаштыруу пациентти дарылоонун динамикасын көзөмөлдөөгө жана анын натыйжалуулугун баалоого мүмкүндүк берет. Борбордун директору Бактыгүл Бекбоевна Султангазиева белгилегендей, Кыргызстанда 30 миңден ашык онкологиялык оорулуулар каттоодо турат, 6 миңге жакын бейтапка алгачкы диагноз коюлган, бейтаптардын 80% радиоизотоптук изилдөө ыкмасына муктаж. Ядролук медицина бөлүмүндөгү жабдуулар рак ооруларын диагностикалоо үчүн гана эмес, ошондой эле кардиологиялык, неврологиялык, эндокринологиялык жана башка социалдык маанилүү оорулары бар бейтаптарды дарылоо программаларында да колдонулушу мүмкүн.
Коңшу Өзбекстанда да өзөктүк медицина өнүгүп жатат. Маселен, 2023-жылдын 18-сентябрында "Росатом" менен Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосунда Ядролук медицина тармагындагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган. Меморандум Өзбекстанда Ядролук медицина борборун куруу боюнча биргелешкен жумушчу топту түзүүнү өз ичине алат.
Ядролук медицинаны өнүктүрүү онкологиялык ооруларга каршы күрөштүн негизги фактору болуп саналат. Радиоактивдүү изотоптордун аркасында дарыгерлер шишиктерди алгачкы стадияларында, аларды натыйжалуу дарылоого мүмкүн болгондо аныктай алышат. Ядролук медицинаны изилдөөгө жана өнүктүрүүгө инвестиция салуу - бул ракты натыйжалуу жана өз убагында аныктоого жана дарылоого боло турган келечекке инвестициялоо.