Маалым болгондой, Бишкек прокуратурасынын иши – борбордун турмушуна каршы келген мыйзам бузуулардын алдын алуу. Бирок онокот системага айланып кеткен мыйзам бузууларды аныктоо менен чектелбей, аны менен бирге прокурордук көзөмөлдүн натыйжалуулугун талап кылуу. Албетте мындай токтоосуз талаптар жана чаралар оз тыянагын бербей койбойт.
Бүгүнкү күндө жер жана шаар куруу жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы Бишкек прокуратурасынын алдыңкы планына чыкты. Жогоруда айтылган мыйзам бузуу фактылары жокко чыгып, кылмыштан четтетүүнү талаптары коюлуда. Ошо менен бирге күнөөкөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар катуу көрүлүүдө.
Мисалы, жер мыйзам бузуу масштабы томонку фактылар менен такталат. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча 65 текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча 15 сунуш киргизилип, 40 талап коюлуп, 1 тартиптик жана 1 административдик өндүрүш, кошумча 10 кылмыш иши козголду жана укук бузуучуларга 23 доо арыз тапшырылды.
Жыйынтыгында прокурордук актылар менен 9 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, 0,86853 га 84 млн 813 мин 400 сомдук 6 жер тилкеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайтарылып, 5 млн 783 миң 458 сом зыян келтирилген.
Бирок, кээде прокуратура органдарынын кызматкерлери кызыктуу учурларга туш болушат. Мисалы, прокуратура жер мыйзамынын аткарылышын текшерип, Кулатова № 8 даректе (Бишкек шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынан ижарага алынган жерге) уруксатсыз жарнак конструкциясы орнотулганын аныктады.
Ал объект чегинен чыгып кеткен - текшерүүнүн жыйынтыгы менен 24.09.2024-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына прокурордук акты берилген. Жыйынтыгында мамлекетке 1 миллион 941 миң 840 сом өндүрүлгөн.