Бунунку кунго карата, 2024-жылдын ичинде Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан мамлекеттик сатып алуулар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча 67 текшерүү жүргүзүлгөн. Отчеттук мезгилде Бишкек прокуратурасы тарабынан 194 мыйзам бузуу аныкталып, анын ичинен текшерүүлөрдүн жүрүшүндө 120 мыйзам бузуулар жоюлду.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууну четтетүү боюнча 56 сунуштама берилип, 2 доо арыз берилген, 2 иш өндүрүштө жана 9 кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, прокурорлор тарабынан 70 кызмат адамы дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, 2 кызмат адамы кылмыш жоопкерчилигине тартылып, мамлекеттин пайдасына 15 955 592 сом накталай жана 1 499 000 сом натуралай өндүрүлгөн.
Мисалы, Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы тарабынан Борбордук мэриянын "Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасында жүргүзүлгөн текшерүүдө төмөндөгү мыйзам бузулар аныкталган.
Муниципалдык ишкана тарабынан "Чортеков - Жайыл Баатыр" көчөлөрүнүн кесилишиндеги жашыл көчөттөрдү сугаруу үчүн гидрогеологиялык скважинаны бургулоо иштери пландаштырылган. 14 705 984 сомго сатып алуу боюнча конкурс жарыяланып, 07.08.2023-жылы өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен "Ат-Башы Жаштар Курулуш" ЖЧКсы жеңүүчү болуп табылган.
Кийин 2023-жылдын 08-ноябрында берилген аралык актысына (промежуточный акт) ылайык, кандайдыр бир субподряддык келишимдер жана башка документтер жок болгондугун билип туруп, "Айнанит" ЖЧКсы берүүчү тарап катары, ал эми "Ат-Башы Жаштар курулуш" ЖЧКсы кабыл алуучу тарап катары кол коюшуп, 07.12.2023-жылы "Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Жумабек уулу (бул кызматтарды сатып алууга эч кандай тиешеси жок) үчүнчү жактар тарабынан жасалып жаткандыгын жана иштер бүтө электигин билип туруп, "Ат-Башы Жаштар курулуш" ЖЧКнын эсебине 7 000 000 сом өлчөмүндө акча каражатын котортуп берген.
Тактап айтканда, келишимдин 2.3-п. ылайык, келишимде көрсөтүлгөн иштерге акы төлөө иш аткарылгандан жана тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тиешелүү тапшыруу-кабыл алуу актысына кол коюлгандан кийин жүргүзүлөөрү каралгандыгына карабастан, орто-аралык актысы негиз катары колдонуп, келишимдин шарттарын бузуу менен - иш жүзундө аткарылбаган, сатып алынбаган материалдар үчүн мыйзамсыз акча каражаттары которулуп берилген.
Бул факты боюнча, 2024-жылдын 04-июнунда райпрокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 337-бер. 2-бөл., 210-бер. 4-бөл. 1,2-п. жана 339-бер. 2-бөл. көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, учурда Ленин РИИБнын тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.