
Маектеш тууралуу маалымат:
Туулган жылы: 23.01.1966-жыл.
Туулган жери: Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагы, Учкун айылы.
Билими: жогорку;
Адистиги: чет тили мугалими;
Окуган окуу жайы: Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультети:
Эмгек жолу:
1983-1985- Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагындагы комсомолдук кыздар бригадасында
1985-1992- Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультети:
1992-2013- Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын №97-Учкун орто мектебинин чет тили мугалими, профсоюз уюмунун төрагасы:
2013-2019-№97-Учкун орто мектебинин директорунун окуу жана тарбия иштери боюнча орун басары;
2019-2023 -№97-Учкун орто мектебинин социалдык педагогу;
2023-жылдын майы-2024-жылдын апрели - №97-Учкун орто мектебинин
директорунун милдетин аткаруучу;
2024-жылдын апрелинен тартып директорлор конкурсунун жыйынтыгынын негизинде №97-Учкун орто мектебинин директору болуп эмгектенип келе жатат.
Алган сыйлыктары: Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн Ош облусунун профсоюз уюмунун Ардак грамотасы:
Кара-Суу районундагы Мады айылдык Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттыгына шайланган.
Үй-бүлөлүү : 2 кыз, 2 уулу бар.
Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагынын Учкун орто мектеби 2008-жылы 320 окуучуга ылайыкталып, пайдаланууга берилген. Азыркы учурда мында 590 окуучу окуйт. Мектеп жамааты "Ар тараптан ынтымактуу, заман талабына ылайык, компетенттүү, билимдүү, улуттук наркты баалай билген окуучуларды тарбиялап өстүрүү" деген девизди ураан тутуп, иштеп келет.
Мындан тышкары мектеп жамааты бир нече эл аралык фонддор менен иштеп келе жатат. Анын натыйжасында билим уясынын материалдык-техникалык базасы чыңдалып, окутуунун сапаты жакшырып жатат.
Биз жакында аталган мектептин директору Мирзакимова Айтбүбү Жолчуевнага жолугуп, аны менен мындай ийгиликтин сыры эмнеде экендиги тууралуу аңгеме-дүйнө уюштуруп кайтканбыз.
-Биздин мектепте 46 мугалим, 10 техникалык кызматкер эмгектенет. Эң негизгиси, жамаат ынтымактуу. Педагогдорубуз заман талабына ылайык өз билимдерин өркүндөтүүгө олуттуу мамиле жасайт. Алардын экөөсү КР билим жана илим министрлигинин билим берүү боюнча мыктысы төш белгисине татыктуу болгон. Мындан тышкары КР билим жана илим министрлигинин, облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларынын Ардак Грамотасы менен сыйлангандар да бар. Биздин мектептин 25 мугалими "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында заман талабына ылайык атайын окуудан өтүп келишип, компьютер менен иштөөнүн ыкмаларын өздөштүрүшүп, сабактарды жаңы ыкма, усул менен өткөрүү аракеттерди жасап жаткандыгы колдоого ала турган көрүнүш.
Азыркы учурда окуучулардын билим сапаты предметтик олимпиадалардын жана жалпы республикалык тестирлөө жыйынтыгы менен бааланып келет. Быйылкы олимпиадалардын жыйынтыгында 3 окуучубуз райондук турга катышып, биринчи, экинчиси төртүнчү орунду ээлеп келишти. Өткөн жылы биздин мектептин 19 бүтүрүүчүсү жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, анын 11и босого балдан өтүштү. Жыйынтыгы 70%ды түздү. Быйылкы жылы бүтүрүп жаткан окуучуларыбыздын да даярдыгы жакшы. Алар өткөн жылдагыдан да жогорку көрсөткүчтөрдү багындырат деген үмүтүбүз бар.
2022-жылы айылдагы жаштар комитети тарабынан мектепке 86, 790 сомдук видеокөзөмөл орнотулган. 2022-2023-жылы мектеп окуучуларына ысык тамак ичип туруу үчүн айыл өкмөтү жана мамлекет тарабынан жалпы суммасы 5 млн. 76 миӊ 475 сом бөлүнүп, 60 орундуу ашкана пайдаланууга берилип, керектүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалган.
"Ынтымак бар жерде ырыс бар" дегендей, ынтымак мектепте жаралып жаткан ийгиликтердин жаралышына чоң өбөлгө түзүп жатат. Мектеп жамааты НАМА фонду менен алака түзүп, мектептин материалдык базасын чыңдоого жетише алды. Аталган фонд жетекчилер, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар менен айрым-айрым программаларды сунуштап, ар бир топ менен өз-өзүнчө иш алып барды. Ар бир топ фонддун койгон талаптарына ылайык өтүлгөн семинар-тренингдерине үзгүлтүксүз катышып, анын жүрүшүндө көптөгөн пайдалуу нерселерди үйрөнүштү. Алсак, мугалимдер сабак өтүүдө заманбап усулдарын үйрөнүүгө жетишти. Ата-энелер өз балдарын тарбиялоодо мектеп менен тыгыз байланышта болуунун зарылдыгын, тарбия берүүнүн пайдалуу ыкмаларын өздөштүрүштү. Мектеп окуучулары өз алдыларына туура максат коюу, долбоорлор менен иштөө ыкмаларын үйрөнүштү. Алар мектепке тосмо жасап беришти.
Мектептин педагогикалык жамааты ЮСАИД уюмунун "Окуу керемет" долбоорунун алкагында атайын окууларга катышып, атайын сертификаттарга ээ болушкан эле. Аталган уюм тарабынан 1020 даана көркөм адабий китептер берилген.
Каникул мезгилинде башталгыч класстарынын окуучулары үчүн жайкы лагерь уюштурулуп, ал баарына жаккан болчу. ЮСАИД уюму менен тыгыз кызматташуу биз үчүн андан ары чет өлкөлүк уюмдар менен иштөөдө чоң тажрыйба болчу.
Андан кийин НАМА фонду тарабынан берилген талаптар өз убагында жана так аткарылгандыктан, мектепке 4 интерактивдүү доска, 5 проектор, 10 компьютер, 1 текстиль принтер, 96 парта, 5 бор менен жазуучу доска, 2 китеп шкафы, 2 геометриялык фигуралардын топтому, 2 географиялык карта алынды. Андан сырткары ата-энелердин мектеп менен болгон байланышын күчөтүү максатында мектептин уюштуруучусу В.Кадырова көмөкчү чарба уюштуруу үчүн долбоор жазылып, анын негизинде 120 түп хризантема гүл, 1 тигүүчү машина, 1 жөжө чыгаруучу аппарат алынып, мектепте биогумус жасоо уюштурулду.
Тигүүчү машина менен экобаштыктар тигилип, аны сатуудан түшкөн акча мектеп окуучулардын ысык тамагына жумшалды. Даяр болгон биогумустар мектептин айлана-тегерегинде өсүп турган бак-дарактарга жана гүлдөргө кошумча азык катары колдонулду.
Мектеп Мерси Ко уюму менен да кызматташып келет уюмдун "Жаш багбан" программасы менен тыгыз иштешкен башталгыч класстардын 2 мугалими К.Исманова менен Н.Ташевалар чакан күнөскана уюштурган. Алардын окуучулары өстүргөн болгар калемпири менен помидордун түшүмүн ысык тамагына экологиялык жактан таза азык-түлүк катары пайдаланды.
Сөз аягында, билим берүү тармагынын көпчүлүк бөлүгү түзгөн, ааламга ажар берген кесиптештеримди 8- март майрамы менен куттуктап өткүм келет. Силердин балдарга берген билим, тарбияңыздар жугумдуу болуп, эмгек көп ийгиликтерге жетелеп, окуткан окуучуңуздар коомдун татыктуу инсандарынан болушсун.
Маектешкен: Төлөнбай Абдыразаков