
Чек ара маселеси ар дайым абдан татаал болуп келген, ал эми анын чечилиши Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ. Баткен облусунун келечеги үчүн зор мааниге ээ болгон бул маселени чечүү үчүн кыргыз тарап тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүздү. Мунун натыйжасында социалдык-экономикалык жактан жакшы шарттар түзүлүп, жаңы жумушчу орундар пайда болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Ноокат районунун тургуну Зайнабидин Айдаров өз оюн билдирип, чек ара маселесинин чечилишин өлкөнүн коопсуздугу үчүн маанилүү кадам деп атады.
"Чек ара маселеси абдан татаал маселе болуп келген. Тарых барактарын барактап көрсөк, аны курал колдонуу менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечип келген коңшулар утушка ээ болушкан. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин чек ара маселесине туш болгон. Бул жылдардын ичинде бир катар коңшу мамлекеттер менен аны сүйлөшүү жолу менен чечилген.
Тажикстан менен болгон чек ара абдан татаал болгондуктан, ал улам артка жылып келгендигин ачуу болсо да моюнга алуубуз зарыл. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен иш алып барган азыркы жетекчилерибиз бул маселеге кылдат мамиле жасап, ага чекит койгондугун өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылгандыгы деп баа берүү керек. Бул сүйлөшүүлөрдүн артында эмне деген түйшүк, жоопкерчилик турду. Аны да белгилеп айтуубуз биздин адамгерчилик парзыбыз.
Мени капа кылган нерсе, "бүткөн ишке сынчы көп" дегендей жумурткадан кыр издеп, сөз эркиндигине жамынып алган топ ар кандай сөздөрдү айтып жатышат.
Калктан өткөн калыс тараза барбы? Массалык маалымат каражаттарында, соцтармактарда жарыяланган ой-пикирлерди көңүл коюп талдап чыксак, алардын басымдуу көпчүлүгү кыргыз-тажик чек ара маселесинин чечилгендигине оң баа бергендиги мени кубандырат.
Менин оюмча, Тажикстан менен болгон чек ара маселеси эртеби, кечпи, бир күндө чекит коюлууга тийиш болчу. Анын чечилгендиги – алыскы Баткен облусунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө, ички жана тышкы инвестицияларды тартуу менен орто жана чакан ишканаларды куруу аркылуу жаңы жумушчу орундардын пайда болушуна жардам берет.
Эң негизгиси, элибиздин эртеӊки жашоосу мурдагы жылдарга караганда тынч болмокчу", - дейт Айдаров.
Маектешкен: Төлөнбай Абдыразаков