Саясат таануу илиминин кандидаты, жаш окумуштуу Сатылканова Анара Рысбековна менен маек.
Анара, сиз жаш илимпоз, эл аралык масштабда иштеген кадр катары айтсаныз, Кыргызстанда экономикада, билим берүүдө жана башка чөйрөлөрдө илимий жетишкендиктерди пайдаланууда жаңы муундагы окумуштуулардын жана квалификациялуу илимий кызматкерлердин өсүшү үчүн кандай иштерди алып барса болот?
Өлкө башчыбыз С.Н. Жапаров кол койгон "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолун кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгында заманбап билим берүүнү өнүктүрүү негизги багыт катары каралган. Ал эми заманбап билим берүү илим менен эриш аркак эмеспи. Президентибиз коомго пайдалуу илимий ачылыштар болушу үчүн реформаларды жүргүзүү зарыл деп ар дайым белгилеп келет. Өлкө башчыбыздын тапшырмасын аткаруу максатында илимпоздор жаш дебей, улгайган илимпозпуз дебей, жалпыбыз жардам беришибиз абзел.
Илимдин азыркы абалы өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына дал келбейт. Ошондуктан, Президентибиз талап кылган мамлекеттик жаңы илимий-техникалык саясатта фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана илим менен практиканы мындан ары жакындатууда илим чөйрөсүндө, дегеле мамлекетибиздеги жалпы илимге байланышкан тармакты реформалоодо масштабдуу аналитикалык креативдүү ой жүгүртө алган жаш илимпоздордун ролу абдан зор.
Сиздин оюнузча, жаш кадрларга илимий багыт берүү канчалык денгээлде?
Азыркы убакка чейин илимдин дээрлик бардык багыттары боюнча кайсы илимий темалар жакталды, кайсылар жактоонун алдында, кайсы темаларга басым жасоо керектиги боюнча маалымат тактала да элек, жаш кадрларга багыт берүү да жокко эсе. Ошондуктан, илимдин бардык багыттары боюнча, илимий-технологиялык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий темалардын базасын түзүп чыгуу керек, о.э. илимий темалардын маалыматтык тармагын өркүндөтүү жана иштешинин механизмдерин түзүү боюнча да иш алып баруу керек деп ойлойм.
ЖОЖдон кийинки билим берүү (аспирантура, докторантура, PhD докторантура, магистратура ж.б.) боюнча илимий кадрларды даярдоодо жана аны ишке ашырууда, айрыкча, табигый жана техникалык илимдерди изилдөө багытында, нанотехнология, биотехнология, маалымат технологиясы, гляциология, инженерия, физика, математика, химия жана биология багытындагы окумуштуулардын катарына таланттуу жаштардын кошулушу маанилүү экендигине басым жасап, ушул багытта активдүү иш алып баруу абдан зарыл жана мезгил талабы.
Маалыматтык технологияларды илимде колдонууну кеңейтүү максатында кандай иштер аткарылышы керек?
Дүйнөлүк бирдиктүү маалымат мейкиндигине кирүүгө мүмкүндүк берүүчү улуттук илимий-инновациялык порталды түзүү багытында иштер алгылыктуу жүрүшү керек. Өлкөнүн илимий-инновациялык потенциалын баалоо, "изилдөө - иштеп чыгуу - киргизүү" схемасы боюнча илимий изилдөөлөрдү натыйжалуу пайдалануу критерийлерин киргизип, илимий изилдөөлөр жөнүндө тармактык маалыматтар базасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп, иштиктүү иш жүрүш керек.
Жогорку квалификациядагы илимий кадрларды сактоо, дегеле илимий изилдөөлөрүнүн сапатын жогорулатууга эмне кедерги болууда?
Мамлекеттин керектөөлөрүн, келечегин эске алуу менен илимий жана илимий кадрлардын изилдөөлөрүнүн сапатын жогорулатууга, аларды даярдоонун жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында атайын мамлекеттик программа иштелип чыгыш керек. Илимдин ар бир тармагы боюнча дүйнөлүк илим жаңылыктары боюнча дайджест түзүп, анализ жүргүзүп жана Кыргызстанда инновациялык экономиканын негиздерин түзүүгө мүмкүндүк бере ала турган, илимди жана технологияларды өнүктүрүү артыкчылыктарын чыңдоого басым жасала турган илимий темаларды бекитип, илимий иштерди ушул багытта даярдоо боюнча иштер алгылыктуу жүрүш керек.
Жасалма интеллект заманында илимий плагиатка каршы кандай иштер болушу мүмкүн?
Илимий плагиатка каршы программаны өркүндөтүү максатында, о.э. бул багытта эл аралык илим мейкиндигинде болуп жаткан өзгөрүүлөргө басым жасап, акыркы дүйнөлүк илимий иштеп чыгууларга жана илимдин өнүгүшүнүн дүйнөлүк тенденцияларын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу максатында илим менен техниканын өнүгүү приоритетинин ыргагында масштабдуу иштер алдыда деп ойлойм. Жакталган илимий изилдөөлөрдүн сапаттарын баалоодо ведомстволук илимий-техникалык жана эл аралык эксперттик кеңеш түзүп, көз карандысыз илимий экспертиза болуусу мезгил талабы.
Илим менен өндүрүштүн өз ара тыгыз байланышын камсыздоо максатында ойлорунуз кандай?
Туура айтасыз, бул суроого жооп иретинде канчааган мамлекеттик программалар кабыл алынды. Тилекке каршы, ушул убакка чейин алардын дээрлик бардыгы ишке толук ашкан жок. Ошондуктан, илим менен өндүрүштүн өз ара тыгыз байланышын камсыздоо максатында, илим жана инновация чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды ишке ашырууга байланыштуу илимий темаларга мониторинг жүргүзүү зарыл жана бул боюнча иш системдүү болушу абзел. Бүгүнкү күндө университеттердин модели 4.0 болсо, анын негизги компоненти илим жана инновация болгондуктан, ушул багытта илимдин жана билим берүүнүн натыйжалуу интеграциясы катары ЖОЖдор менен биргеликте илимий инновацияларды өндүрүшкө киргизүүгө багытталган максаттуу мамлекеттик программа даярдалышы керек.
Мамлекет - илим – өндүрүш системасында координациялоо менен өз ара аракет, өндүрүш тараптан илимий инновацияларга суроо-талаптын аз болушу же анын жоктугу да проблемалардын бири. Бул багытта мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде илимий изилдөөлөргө таянып иш жүргүзүү үчүн илимий бөлүмдөр ачылышы абзел. Ушуга байланыштуу илимий изилдөө бөлүмдөрдүн ачылышына, өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана ага илимий кадрларды тартуу боюнча концепция иштелип чыгыеп жана илимий-инновациялык ишкердикти активдештирүү үчүн өбөлгө түзө турган илимдин приоритеттүү багыттары боюнча темаларды аныктап, бекитип, комплексттүү иш алынып барышы керек. Ошондой эле, жакталган илимий изилдөөлөрдүн конкреттүү бизнес-долбоорлорго трансформациялоосун жүзөгө ашыруучу илимий-ишке киргизүү түзүмүнүн тармагын түзүүгө мезгил бышып жетти.
Жаш окумуштуулардын эл аралык илимий кызматташтыгы боюнча эмне айта аласыз?
Бул маселе бир нече багытта болушу керек деп ойлойм. Ошондой эле, жаш окумуштуулардын жана дүйнөгө белгилүү окумуштуулардын кызматташуусу үчүн, чет өлкөлүк адистер менен өз ара аракеттенүүнү, чет өлкөлүк окумуштуулар менен биргелешкен изилдөөлөрдү активдештирүү максатында Кыргызстанда атайын маалымат базасын түзүп, иш жүрсө бир топ маселелер алдыга жылмак. Эл аралык илимий мейкиндикте Кыргызстандын активдүү позициясын түзүүгө аракеттер бар, аларды жаш окумуштуулар алдыга жылдырышына ишенем.