Кытайлык инвесторду бизнес-өнөктөштөрү кантип алдашкан

vb.kg басылмасынын редакциясына Кытай Эл Республикасынан келген инвестор Баатыр Анвар жана аны колдоп чыккан "Улуу Журт" саясий партиясынын төрагасы Мирлан Орозбаев кайрылышты.

Партия лидери билдиргендей, Баатыр Анвар Кыргызстанга 20 миллион сом көлөмүндө инвестиция салуу ниети менен келген. Бирок, биргелешкен ишмердүүлүк учурунда бизнес боюнча өнөктөштөр инвесторду алдашкан.

"Баатыр мырза жарым жылдан ашуун убакыттан бери Ички иштер министрлигине, прокуратура органдарына жана башка тиешелүү мамлекеттик мекемелерге кайрылып келет. Бирок ушул убакка чейин иш жылган жок. Кытай Эл Республикасында видеобайкоо системаларынын жана укук коргоо органдарынын координацияланган ишинин аркасында мындай кылмыштар өтө кыска убакытта ачылат", - деди Орозбаев.

Ал президент Садыр Жапаровдун: "Эгерде бизге инвесторлор келсе - алар үчүн бардык шарттарды түзүп бергиле" - деген сөзүн эске салды.

"Кытайлык ишкерге шарт гана түзүлбөй калган жок, аны жөн эле алдап кетишти. Баатыр Анвар Кытайдан курулуш техникасын ташып келет. Ушундай окуялар өлкөбүздүн инвестициялык абройуна олуттуу зыян келтирет", - деп белгиледи ал.

"Эмне үчүн жарандар түз эле президент Садыр Жапаровго же УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылууга аргасыз болушууда? Эмне үчүн тиешелүү органдар мындай маселелерди өз деңгээлинде өз убагында чече албай жатышат? Эгерде өлкөбүзгө андан да ири инвесторлор келсе, эмне болот?" - деп суроо салды адвокат.

"Баатыр мырза бир нече жолу прокуратура органдарына кайрылган, бирок азыркыга чейин эч кандай жыйынтык болгон жок. Биз бул кайрылуудан кийин тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери өз кызматкерлеринин ишин көзөмөлгө алышат деп үмүт кылабыз. Эгерде айрым кызмат адамдары өз милдетин аткара албаса - анда алар кызматынан кетиши керек", - деди Орозбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД