Бишкек прокуратурасы мыйзам жолуна салуу ишин улантууда

Бишкек шаарынын прокуратура органдары тарабынан 2025-жылдын 1-кварталында коррупцияга каршы аракеттенүү багытында жалпы 50 текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 200 мыйзам бузуучулуктар аныкталып, 112 прокурордук акты келтирилип, анын ичинен ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө 18 сунуштама, 5 талап, 3 эскертүү келтирилип, 84 укук бузуу жөнүндө өндүрүш жана 2 кылмыш иши козголгон.

Келтирилген прокурордук актыларды кароонун жыйынтыгы менен 18 кызмат адамы тартиптик жана 61 кызмат адамы укук бузуу жоопкерчилигине тартылышып, жалпы 4 155 576 сом мамлекетке өндүрүлгөн.

Мисалы, аталган багытта Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан "Орок" муниципалдык аймактык башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүдө жалпы аянты 2,1134 га түзгөн 20 жер тилкеси мыйзамсыз менчикке бекитилип берилгендиги аныкталган, бул факты боюнча 2025-жылдын 12-февралында кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдарына карата мүлкү жана кирешелери тууралуу декларацияларды бербегендиги же талаптагыдай эмес бергендиги боюнча Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" Кодексинин 438-беренеси менен укук бузуу жөнүндө иштер козголуп, соттун чечимдеринин негизинде айып пулдар салынган.

Ошону менен бирге, коррупциялык көрүнүштөргө жол берилген учурларда күнөөлүү адамдар укук коргоо органдары тарабынан өз компетенциясынын чегинде жоопкерчиликке тартуу жүзөгө ашырыларын белгилеп кетүү зарыл.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД