Таяк тартыш боюнча Европа чемпионатында Кыргызстан курамасы 1-орунду ээледи

Таяк тартыш боюнча Европа ачык чемпионатында Кыргызстандын курамасы 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жанаспорт мамлекттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Словакиянын Банска-Бистрица шаарында таяк тартыш боюнча (мас-рестлинг) Европа ачык чемпионаты жыйынтыкталды. Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы командалык эсепте 1-орунду ээледи.

Жеке эсеп боюнча жеңүүчүлөр:

1-орунду алган спортсмендер:

Азиз Асанов - 60 кг;

Бекмырза Токтошев - 75 кг;

Роман уулу Бакыт - 85 кг;

Улукбек Ырысбаев - 125 кг;

Элза Абдыкадырова - 55 кг;

Сауле Эгизбаева - 60 кг;

Дильбара Иманканова - 70 кг;

Элдана Болотбекова - 75 кг;

Рамина Кочконбаева - 85+ кг.

2-орунду алган спортсмендер:

Азамат Асанов - 70 кг;

Жанарбек Турдушев - 80 кг;

Медеткан Эсенгул уулу - 90 кг;

Абдел Эсенгулов - 125+ кг;

Адема Керимкулова - 70 кг.

3-орунду ээлеген спортсмендер:

Данияр Турсунбеков - 70 кг;

Бекжан Омуралиев - 80 кг;

Эржан Акылбек уулу - 105 кг.

Ошондой эле Элдана Болотбекова Европа чемпионатынын абсолюттук чемпиону болду. Ал финалда учурдагы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону, эки жолку дүйнө чемпиону, мелдештин кожоюну Яна Вашкованы жеңип алды.

Кыргызстандын курама командасы чемпионатка башкы машыктыруучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Марат Раматовдун жетекчилиги алдында катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД