Жапаров Акылбек Усенбекович

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри

1964-жылдын 14-сентябрында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында төрөлгөн.

Үч жогорку билим алган. 1986-жылы Фрунзе атындагы политехникалык институтунун "Автомобилдүү жолдор" факультетин, 2002-жылы Бишкек каржылык-экономикалык академиясынын "Уюмдар менеджменти" факультетин бүтүргөн. 2011-жылы Юридикалык академияны бүтүрүп, юрист адистигине ээ болгон.

1986-жылы Фрунзе атындагы политехникалык институтунун "Автомобилдүү жолдор" кафедрасынын кенже илимий кызматчысы катары эмгек жолун баштаган.

1987-1991 – инженерия-курулуш факультетинин, Фрунзе атындагы политехникалык институтунун комсомолдор комитетинин катчысы.

1991-1992 - "Толкун" ЖЧКнын башкы директорунун орун басары.

1992-1993 –Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын, КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын жаштар саясатындагы маселелер боюнча бөлүмдүн башчысы.

1993-1995 – жооптуу катчы – Кыргызстандын социалдык-демократиялык партиясынын аппаратынын башчысы.

1995-1996 – КРнын биринчи вице-премьер министринин жардамчысы.

1996-1997 – КРнын Президентине караштуу баалуу кагаздар рыногу боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү.

1997-2000 – башкы мамлекеттик салык инспектору, КРнын Каржы министрлигине караштуу мамлекеттик салык инспекциясынын төлөм өндүрүп алуу боюнча башкармалыктын башчысы.

2000-2005 – КРнын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты – салык, бажы ж.б. жыйымдары боюнча комитетинин төрагасы.

2005-2007 – КРнын Экономика жана каржы министри, КРнын Каржы министри.

2007-жылы декабрь – 2009-жылы октябрь – КРнын Экономикалык өнүгүү жана соода министри.

2009-жылы октябрь – 2010-жылы апрель – Биринчи вице-премьер министр.

2010-жылы ноябрь – 2011-жылы декабрь – КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы.

2010-жылдан тартып Т. Рыскулов атындагы кыргыз экономикалык университетинин ардакутуу профессору.

2011-2012 жылдары – КРнын Каржы министри.

2011-2015 жылдары – Т. Рыскулов кыргыз экономикалык университетинин Финансы жана Кредит факультетинин башчысы

2015-жылдын 4-октябрында "Бир Бол" саясый партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

"Экономика илимдеринин доктору" илимий даражасына ээ.

Каржылык-экономикалык ишмердүүлүккө салым кошкондугу үчүн "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти" ардактуу наамына татыктуу болгон.

Мамлекеттик кызматтын 2-даражадагы мамлекеттик кеңешчиси.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД