Перс булуңунда ESG реформалары ылдам жүрүп жатат

Бүгүнкү күндө Перс булуңундагы мамлекеттер экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу (ESG) багытын ыкчам өнүктүрүп жатышат. Аймак тарыхый жактан дүйнөдөгү эң ири мунай запастары менен байланыштуу болгонуна карабастан, бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү "жашыл" экономикага өтүүнү активдүү түрдө жарыялап келишет.

Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук максаттар Сауд Арабиясында, БАЭде жана Катарда кабыл алынган "Vision-2030" стратегиялык документтеринде бекемделген. БАЭ жана Сауд Арабиясы тиешелүүлүгүнө жараша 2050 жана 2060-жылдарга карата көмүртек нейтралдуулугуна жетүүнү пландаштырууда, Бахрейн да 2060-жылга багыт алган. Катар болсо 2030-жылга чейин парник газдарынын чыгындыларын 25 пайызга кыскартууну көздөйт. Жалпы артыкчылыктуу багыттарга кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшүн 20–50 пайызга чейин көбөйтүү, "жашыл" курулушту өнүктүрүү, сууну үнөмдөөчү технологияларды жайылтуу жана "акылдуу" шаарларды куруу кирет.

Өзгөрүүлөрдүн маанилүү кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири аймактагы фондулук биржалар болууда. Алардын бардыгы БУУнун "Туруктуу фондулук биржалар" (UN SSE) демилгесине кошулган. Бахрейн, Катар жана Сауд Арабиясынын биржалары азырынча ESG-маалыматты ачыктоо боюнча сунуштар менен чектелсе, БАЭнин биржалары (ADX жана DFM) листингдеги компаниялар үчүн милдеттүү талаптарды да киргизди. Ага ылайык, компаниялар жыл сайын туруктуу өнүгүү боюнча отчет жарыялоого жана директорлор кеңешинин курамында жок дегенде бир аялдын болушун камсыздоого тийиш.

Туруктуу каржылоо рыногу да активдүү өнүгүү стадиясында. БАЭ аймактык хабга айланууну көздөп, исламдык каржы шаймандарга сукукка (облигациялардын аналогу) басым жасоодо. Дубайда жайгаштырылган сукуктардын көлөмү 80 миллиард доллардан ашты. Сауд Арабиясынын Коомдук инвестициялык фонду (PIF) жашыл каржылоону өнүктүрүү боюнча жол картасын жарыялады, ал эми катарлык банктар, мисалы QNB, жашыл облигацияларды чыгара баштады.

Аймактагы Saudi Aramco, QatarEnergy жана Emirates сыяктуу ири мамлекеттик жана жеке компаниялар ESG принциптерин өз стратегияларына киргизип, эл аралык стандарттарга (GRI, SASB) ылайык отчетторду жарыялай башташты. Алардын негизги аракеттери көмүртек изин азайтууга, энергияны натыйжалуу пайдаланууга жана гендердик теңчилик сыяктуу социалдык программаларды өнүктүрүүгө багытталган.

Мамлекеттик жогорку деңгээлде демилгеленген өзгөрүүлөр жана декарбонизация боюнча амбициялуу максаттар Жакынкы Чыгыштын өнүгүүсүндө жаңы багытты калыптандырууда. Натыйжада ESG күн тартиби аймактын келечектеги гүлдөп-өнүгүшү үчүн зарыл шартка айланып бара жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД