Транспорт министрлиги 382,2 млн сомду максатсыз пайдаланган

Мамлекеттик органдар тарабынан 2019-жылы каражаттарды максатсыз пайдалануунун жалпы суммасы 422,2 миллион сомду түздү. Анын ичинен 382,2 млн (90,5%) Транспорт министрлигине туура келет. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча, Транспорт жана жолдор министрлигинде насыялар "түндүк-түштүк жолун куруу" долбоору боюнча 1 жана 2-фазалар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча топту кармоо үчүн жана техникалык көзөмөл кызматтары үчүн 377,8 млн сом суммасында акы төлөөгө жумшалган.

Бишкек-Ош жолунун мамлекеттик дирекциясы жолдорду капиталдык оңдоодон түшкөн 4,3 миллион сомду жөлөкпулдарды төлөөгө (тамак-аш, жол акысы, коммуналдык кызмат акылардын компенсациясы жана айлык акыга болгон жеке жөлөкпулдар, маанилүү күндөргө бонустар) төлөп берген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД