
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июнундагы №392 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү түзүлгөн.
Өкүлчүлүктүн негизги максаты - Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле алардын эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, 2022-жылдын ноябрынан 2026-жылдын мартына чейин анын көмөгү менен Россиядагы 1 643 кыргызстандыкка жалпы суммасы 121 млн 299 миң 200 рубль өлчөмүндөгү төлөнбөй калган эмгек акылары кайтарылып берилген. Ошондой эле 27 жаран өндүрүштүк жаракатка байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 27 млн 772 миң рубль өлчөмүндө компенсация алышкан.
Мындан тышкары, аталган мезгил аралыгында өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын 3 711 жаранынын кайрылууларын карап чыгып, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында Москва шаарынын жана Москва облусунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына 1 291 жолу чыгып иш алып барган. Алардын катарында полиция бөлүмдөрү, сот органдары, прокуратура, Россиянын ИИМинин миграция маселелери боюнча бөлүмдөрү, Тергөө комитети жана башка тиешелүү мекемелер бар.
Ошондой эле 2022-жылдын ноябрынан 2026-жылдын мартына чейин өкүлчүлүк тарабынан жеке кабыл алуулар жана телефон аркылуу жалпы 59 292 жаранга Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдары жана башка маселелер боюнча юридикалык кеңештер берилип, укуктук колдоо көрсөтүлгөн.
Өкүлчүлүк тарабынан кыргызстандыктардын Россияда мыйзамдуу жүрүүсүн камсыз кылуу максатында Россия Федерациясынын мыйзамдарын түшүндүрүү боюнча маалыматтык иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.
Ошону менен бирге, Россияга барууну пландаштырган жарандар үчүн бир катар талаптар эске салынды. Чет өлкөлүк жарандар Россияга кирүүдөн кеминде 72 саат мурда RuID мобилдик тиркемеси аркылуу арыз бериши керек. Арызда баруунун максаты, жүрүү мөөнөтү жана башка тиешелүү маалыматтар көрсөтүлөт. RuID тиркемесин маркетплейстерден жүктөп алууга болот.
Өзгөчө кырдаалдарда - мисалы, шашылыш дарылануу, оор илдет же жакындарынын каза болушу сыяктуу учурларда - тиешелүү документтер менен ырастоо аркылуу арызды Россияга кирүүдөн кеминде 4 саат мурда берүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары Россиянын аймагында мыйзамдуу болуу үчүн бир катар милдеттүү процедураларды өз убагында аткарышы керек. Аларга жыл сайын медициналык кароодон өтүү, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүү жана сүрөткө түшүү кирет. Бул талаптар Россияга кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде аткарылышы зарыл.
Мындан тышкары, жарандар убактылуу жашаган жери боюнча миграциялык каттоого турушу керек. Москва шаарында жана Москва облусунда эмгек ишмердүүлүгү үчүн келген кыргызстандыктар "Амина" мобилдик тиркемеси аркылуу каттоодон өтүшөт.
Эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жарандар эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимди түзүүсү зарыл. Ошондой эле Россияда убактылуу болуу мөөнөтүн тиешелүү тартипте узартуу талап кылынат.
Суроолор жаралган учурда жарандар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнө кайрыла алышат. Дареги: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 7-үй, корпус 5. Байланыш телефондору: +7 996 968 98 97, +7 925 030 26 27.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи - Галиева Жаркынай Душаевна.