Догоев Дастан Давлетович

Дастан Догоев 1986-жылы 3-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн.

Билими:

2007 - Лондондогу Кавендиш Колледжинин Ишкер Администрация адистиги

2008 - Кингстон Университети, Бизнес Башкаруу Бакалавры

2009 - Алгачкы шарттар программасы, "ХАССПнын беш алдын-ала кадамы", "ISO 22000-2005тин милдеттүү жети процедурасы" боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарынан өттү.

ишмердүүлүгү:

2012-2014 - Долбоорду башкаруу бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" Мамлекеттик ишканасында мекемени өнүктүрүү боюнча директордун орун басары.

2014-2017 - Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары.

2017-жылдын 22-июнунда премьер-министрдин буйругу менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2018-жылдын 14-февралында ал бул кызматтан өз каалоосу менен кеткен.

2018-жылдын 5-июнунда ал Кыргызстандын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган.

2019-жылы май айында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кеткендигине байланыштуу (премьер-министр менен кошо, мыйзамга ылайык, өкмөттүн курамы толугу менен отставкага кетет), 2020-жылдын 16-июнунда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчылыгынан бошотулган.

2021-жылдын 20-майында ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Санариптик өнүгүү министри болуп дайындалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД