Баатырбек Жантаев: Балыкчыны логистикалык борборго айлантабыз

Балыкчы шаары мурдагыдай эле Ысык-Көлгө бара жаткан жолдогу жөн гана транзиттик пункт болбой калды. Бүгүн ал жашоо, бизнес жана туризм үчүн жаңы шарттарды түзүп жаткан шаарга айланууда. Жолдорду кеңири масштабда оңдоо, коомдук жайларды көрктөндүрүү, жаңы туристтик объекттерди ачуу мунун баары аймактык борбордун заманбап жүзүн калыптандырууда. Шаар турсезонго кандай даярданып жатканы жана азыр кандай долбоорлор ишке ашырылып жатканы тууралуу Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев айтып берди.

- Баатырбек Темиржанович, шаарда азыр чындап эле курулуш иштери абдан күч алып жаткандай. Кайсы негизги иштер жүрүп жатат?

- Президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен шаарда алты стратегиялык маанидеги долбоор ишке ашырылууда. Азыр эң негизги багыт - Абдрахманов көчөсүн толук реконструкциялоо. Бул биздин негизги транспорттук артериябыз, узундугу 7 чакырымдан ашат. Мурда шаарда жарыктандыруу, тротуарлар жана сугат системалары боюнча көйгөйлөр көп болчу. Азыр биз бул маселелерди түп-тамырынан чечүүнү көздөп жатабыз. Кытайдан 380 даана заманбап жарык мамычалары сатылып алынып, орнотулууда. Ошол эле учурда жаңы жөө жүрүү жолдору жана велосипед жолдору курулуп жатат.

- Шаардагы жашылдандыруу маселеси кандай чечилип жатат?

-Бул жерде негизги кыйынчылык топурактын курамында. Тактап айтканда, чопо катмарында өсүмдүктөр жакшы өспөйт. Биз мунун чечимин таптык: Ананьево айылынан түшүмдүү топуракты миңдеген жүк унаалары менен алып келүүнү пландап жатабыз. Азыркы учурда алардын 400ү жеткирилди. Өсүмдүктөргө келсек, биз эстетикага басым жасап, Голландиядан катальпа, хрустальник жана барбарис көчөттөрүн сатып алуудабыз.

- Шаардын кире беришинде курулуп жаткан арка тууралуу айтып берсеңиз?

- Ооба, ал "Ак кеме" түрүндө жасалат бул биздин символ. Ишти туристтик сезон башталганга чейин бүтүрүүнү пландап жатабыз. Үчүнчү ири долбоор заманбап балык базары. Азыркы базар сатып алуучулар үчүн ыңгайсыз жана айланма жолдо тыгындарды жаратат. Жаңы базардын жанында этнокомплекс да курулууда бул төртүнчү долбоор. Бешинчи долбоор шаардын кире беришине чоң LED-экран орнотуу. Ал эми алтынчы долбоор муниципалдык базар куруу. Бул үчүн 2025-жылы 2 гектар жер бөлүнгөн. Жаңы базардын жалпы аянты 11 миң чарчы метрди түзүп, 400 автоунаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жайы болот. Аны жыл аягына чейин ишке киргизүүнү пландап жатабыз.

- Муниципалдык базарды куруу чечими эмнеге кабыл алынган?

-Биринчиден, бул шаар тургундары жана туристтер үчүн ыңгайлуулук. Азыркы базарларда көчөлөр тар болгондуктан тыгындар көп. Мындан тышкары, демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен автовокзалдын артында жаңы парк түзүлүүдө. Кудай буюрса, Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылат.

- Жергиликтүү бюджеттин эсебинен кандай иштер аткарылып жатат?

- Биз эки скверди оңдоп жатабыз. Ошондой эле мектептердеги жана бала бакчалардагы оюн аянтчалары жаңыланууда, анткени эскилери жараксыз болуп калган. Бардык билим берүү мекемелерине видеокөзөмөл системалары орнотулууда. Мындан тышкары, кыш мезгилиндеги ыңгайсыздыктарды азайтуу үчүн жылытуу системасын электр энергиясынан көмүргө өткөрүп жатабыз.

- Социалдык турак жай куруу боюнча кандай иштер жүрүүдө?

- Жеке фонд тарабынан турак жайы жок жарандар үчүн 100 батир курулуп бүттү. Июнда ачкычтарды тапшырууну пландап жатабыз. Мындан тышкары, шаар өз каражатынын эсебинен дагы 70 үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоону көздөп жатат. Ошондой эле июнь айында Курулуш министрлиги менен биргеликте эки жаңы мектептин курулушу башталат. Авариялык абалдагы Макаренко атындагы мектеп бузулат, ал эми Бөкөнбаев атындагы мектепке кошумча имараттар салынат. Мындан тышкары, 2024-жылдагы административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга караган Көк-Мойнок-1 айылында 80 орундуу бала бакча курулат.

- Ири инфраструктуралык долбоорлор тууралуу айтып берсеңиз?

- Ооба, мындай долбоорлор бар. Орто-Токой суу сактагычында кубаттуулугу 21 МВт болгон чакан ГЭС курулууда. Энергетика багытында дагы бир маанилүү долбоор кубаттуулугу 150 МВтка чейин жеткен күн электр станцияларын куруу. Ошондой эле 2026–2027-жылдары жалпы узундугу 20 чакырымды түзгөн 11 көчөнү реконструкциялоо пландалууда.

- Бул масштабдуу иштер бюджеттин өсүшү менен байланыштуубу?

- Ооба. 2025-жылы шаар бюджети 316 миллион сом деңгээлинде бекитилген. Түз сатып алуулар ыкмасын колдонуу менен биз 100 миллион сомго жакын каражатты үнөмдөдүк. Бул каражатка бала бакчаларды куруп жатабыз. 2026-жылга бюджет 420 миллион сомго жетти. Мындан тышкары, республикалык бюджеттен 1 миллиард 364 миллион сом бөлүнүп берилди.

- Өз көчөт чарбасын түзүү боюнча пландар барбы?

- Мен мэр болуп келгенде жашылдандыруу үчүн болгону 500 миң сом бөлүнчү - бул өтө аз. Азыр биз 50 гектар аянтта өз күнөсканабызды курууну пландап жатабыз.

Ал эми чет өлкөдөн көчөттөрдү шаарга көрктүү көрүнүш берүү үчүн сатып алганбыз.

- Кытай инвесторлору менен кандай долбоорлор ишке ашууда?

- Бишкекте таштанды өрттөөчү завод курулуп жатканын билесиздер. Ушундай эле заводду биз да курууну пландап жатабыз. Ысык-Көл облусунда эки завод болот: бири Ак-Суу районунда, экинчиси Балыкчыда. Документтер толугу менен даяр. Завод күнүнө 800 тонна таштандыны иштетет. Өнөр жай зонасына 135 гектар жер бөлүнгөн, анын 20 гектарын ушул завод ээлейт. Курулуш быйыл башталат деп күтүүдөбүз.

- Калган жерлер инвесторлор үчүнбү?

- Ооба, биз инвесторлорду чакырабыз. Бардык керектүү шарттар түзүлгөн: жол, электр энергиясы, суу бар, жанынан темир жол өтөт. Бул Балыкчыны ири логистикалык борборго айландырууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Шаар аркылуу Түндүк–Түштүк альтернативдүү жолу өтөт, Кочкорго чейин темир жол курулууда, кийин ал Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан магистралына кошулат. Мындан тышкары, Балыкчы–Чолпон-Ата темир жолу боюнча ТЭН (техникалык-экономикалык негиздеме)иштелип чыгууда жана Балыкчы–Бедель унаа жолу курулууда.

- Быйыл Кыргызстанда маанилүү иш-чаралар өтөт: ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Балыкчы буларга даярданып жатабы?

- Коноктор келгенге чейин негизги курулуш иштеринин баарын бүтүрүшүбүз керек. Биздин максат - шаарды көрктөндүрүлгөн, таза жана кооз абалда көрсөтүү. Мындан тышкары, шаардын батыш тарабындагы, Кубакы ашуусуна бурулуштагы соода жана туристтик жайларды иретке келтирүүнү пландап жатабыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД