
Кыргызстан биринчи жолу "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун алдындагы Эл аралык жаштар кеңеши – Impact Team 2050 курамына кирди. Кыргыз Республикасынын Студенттер ассоциациясынын президенти Бектан Кыдыев кеңештин 13 мүчөсүнүн бири болуп шайланып, Борбордук Азия аймагын өкүлчүлүк кылат.
Кеңештин экинчи курамынын инаугурациясы Россия Федерациясынын Обнинск шаарында өткөн IV Эл аралык "Обнинск NEW 2026" жаштар форумунун алкагында уюштурулду. Форумга дүйнөнүн 85 өлкөсүнөн 700гө жакын катышуучу, 10 мамлекеттин расмий делегациялары катышып, бир миллиондон ашык студент онлайн форматта кошулду.
Форумдун жүрүшүндө Бектан Кыдыев "Чынжырлуу реакция: жаштар коомчулугу дүйнөлүк атомдук тармакты кантип өзгөртүүдө" аттуу пленардык жыйында баяндама жасап, атомдук энергетиканы өнүктүрүүдөгү жаштардын ролу тууралуу сөз сүйлөдү.
Impact Team 2050 кеңешине тандоо жогорку атаандаштык шартында өттү. Жалпысынан 85 өлкөдөн 2 миңден ашык талапкер арыз тапшырган. Катышуучуларды "Росатомдун", Росатомдун Корпоративдик академиясынын жетекчилери, БРИКСтин Жаштар энергетикалык агенттигинин өкүлдөрү жана МАГАТЭнин адистери тандоодон өткөрүштү.
Бектан Кыдыев белгилегендей, кеңешке мүчө болуу Кыргызстан үчүн эл аралык жаш лидерлер коомчулугуна кошулуу, дүйнөлүк тажрыйбаны үйрөнүү жана аны өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган демилгелерге айлантуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Бектан Кыдыев А. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин "Экология жана жаратылышты пайдалануу" адистиги боюнча студенти. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Студенттер ассоциациясынын президенти жана Кыргызстандагы БУУнун Жаштар консультативдик кеңешинин төрагасынын орун басары.
"Росатомдун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Дмитрий Константиновдун айтымында, Кыргызстандык студенттин мындай деңгээлдеги кеңешке мүчө болушу өлкөдөгү жаштар демилгелеринин жогорку потенциалын көрсөтүп, илим жана туруктуу өнүгүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Жаңы курамга Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай, Индонезия, Бангладеш, Египет, Эфиопия, Руанда, Танзания, Түштүк Африка Республикасы, Сербия, Венгрия жана Бразилиядан өкүлдөр кирди. Алар алдыдагы эки жыл ичинде атомдук технологияларды жайылтуу жана жаштардын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду демилгелеп, ишке ашырышат.