Токтогулда жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар өтүүдө

Токтогулда жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жалал-Абад облусундагы бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы аптада өлкө аймагындагы адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктардын саны кескин көбөйдү. Буга байланыштуу жол кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо максатында, бүгүн, 18-июнда Токтогул райондук ЖККК бөлүмчөсү тарабынан район аймагында атайын иш-чара өттү.

Анда "Ата шашпа! Биз сизди күтөбүз", "Айдоочу! Жүргүнчүлөрдүн өмүрү сенин колуңда" деген жазуулары бар плакаттарды атайын авария болгон автоунаага илишип, авто бекеттерде, элдер көп топтолгон жайларда, түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД