
41 жаштагы Кокоева Эльвира Эсенбековнаннын жатын моюнчасынын рагы менен алышып келе жатканына 1 жыл болду. Кыргызстандын дарыгерлери дарылай албагандыктан ал учурда Индияда дарыланууда. Дарылануусу үчүн дагы 30 миң доллар өлчөмүндө каражат керек болууда. Эльвира Кокоеванын жакындары анын буга чейинки дарылануусуна кеткен каражатты табуу үчүн болгон мал-мүлкүн сатышкан. Эми коомчулуктун жардамына муктаж болуп турушат. Анткени, мындан кийинки дарылануусуна акча каражаты жок.
"Дарылануума көп каражат кетет экен. Болгон малк-мүлкүбүздү сатып отуруп, каражатыбыз да калбай калды. Бир эле иммундук терапия 6 миң доллар турат экен. Мындан дагы 3 жолу алышым керек экен. Мындан сырткары, таргеттик терапия, нур терапиясы керектелет, көп убакытка чейин дарыланып калат экенмин. Жалпысынан дагы 30 миң доллардай каражат керек болуп жатат. Каражат чогулуп калат деп үмүт кылып кыргыз элине кайрылып жатабыз. Кайдыгер эмес жарандарыбыздан 5-10 сомдон болсо жардам күтөбүз", - дейт Эльвира Кокоева.
Жардам берүүнү каалагандар төмөнкү телефондор менен байланыша алышат: +996 500 197 738
Мбанк: +996 500 197 738 Эльвира К
