Казакбаев Руслан Айтбаевич

Тышкы иштер министри

Казакбаев Руслан Айтбаевич

1967-жылы 18-майда Талас областынын Кара-Буура районуна караштуу Бейшека айылында туулган.

Жогорку билимдүү. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун "Унаа жана унаа чарбалык" автоунаа куруу бѳлүмүн; 2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Юридикалык бѳлүмүн; 2004-жылы Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолу:

1992-1994 жж. - Кыргыз Респуликасынын илимдер Академиясында алгачкы ишмердигин баштаган.

1995-1996 жж. – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгы, үчүнчү жана экинчи катчы;

1996-1999 жж. - Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Туркия), Башкы консулдун орун басары;

1999-2005жж. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги, Консулдук кызматтын башкы башкармачылыгы, жетекчи;

2005-2009 жж. - Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Туркия) Башкы консул кызматы;

2009-ж. январь-октябрь – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги, биринчи орун басары;

2010-ж. апрель – Кыргыз Республикасынын Убактылуу ѳкмѳтү, Тышкы иштер министрлиги, министрдин милдетин аткаруучу;

2010 - 2012-жж. – Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги, министр;

2012-ж. октябрь-ноябрь – Бишкек шаардык кеңеши, "Республика" саясий партиясынан депутаттыгына талапкер;

2015 ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышы, "Республика – Ата Журт" саясий партиясынын депутаты;

2020-ж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, министр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД