Юстиция министри
Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 1974-жылдын 7-майында туулган.
Билими жогорку. 1996-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "Укук таануу" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
1998-1998-жж. – Жогорку Кенеш (МЖ), депутаттын коомдук жардамчысы
1998-2000-жж. – Бишкек шаардык мэриясынын укук департаменти, алдыңкы адис
2000-ж. –"Айыл тургундарына укуктук жардам Хельвитас Швейцар эл аралык кызматташтык ассоциациясы" укуктук долбоор, юрист
2001-ж. – "Альянс-Транс" ассоциациясы, юрист
2001-2004-жж. – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, кадрдык, укуктук иштер жана аткарууну көзөмөлдөө бөлүмү, алдыңкы адис
2004-2006-жж. – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, кадрдык уюштуруу жана укуктук иштер бөлүмү, юридикалык иштер сектору, сектор башчысы
2006-2007-жж. – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты, юридикалык бөлүмдүн укуктук анализ сектору, сектор башчысынын м.а.
2007-ж. – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмүнүн мыйзамды тутумдаштыруу жана кодификациялоо сектору, сектор башчысынын м.а.
2007-ж. – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмү, эксперт
2007-2009-жж. – Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты, укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмү, укуктук анализ жана экспертиза сектору, эксперт
2009-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук колдоо бөлүмү, эксперт
2009-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук колдоо бөлүмү, бөлүм башчысынын орун басары
2010-ж. – Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппараты, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмү, эксперт
2010-ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмү, эксперт
2010-2015-жж. – Өкмөттүн Аппараты, укуктук камсыздоо бөлүмү, эксперт
2015-2016-жж. – Өкмөттүн Аппараты, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү экспертиза сектору, башкы эксперт
2016-2017-жж. – Өкмөттүн Аппараты, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү, башкы эксперт
2017-ж. – Өкмөттүн Аппараты, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кодификация сектору, сектор башчысы
2017-ж. – Өкмөттүн Аппараты, экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү, бөлүм башчысынын орун басары
2017-2019-жж. – Өкмөттүн Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмү, бөлүм башчысынын орун басары
2019-2021-жж. – Өкмөттүн Аппараты, укуктук экспертиза бөлүмү, бөлүм башчысы
2021-жылдын 3-февралынан тарта – юстиция министри