15-июнь күнү кечинде Чүй облусундагы мечиттердин бирине мас абалдагы эркек киши кирип, намаз окуп жаткан адамдын чекесине тапанча такап, өлтүрүп саларын айтып коркуткан. Андан соң дубалга 2 жолу ок чыгарып, качып кеткен.
Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган окуя тууралуу милицияга коркутууга дуушар болгон 50 жаштагы М.М. кабарлаган.
Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен катталды.
Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Чүй облусунун 63 жаштагы тургуну А.А. кармалды. Ошондой эле магазининде 6 огу бар травматикалык тапанча, 2 резина ок, 2 гильза, октору бар магазин жана травматикалык тапанчанын 20 огу алынды.
Жогорудагы окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.