Ниязбеков Улан Омоканович

Ички иштер министри

Ниязбеков Улан Омоканович - 1975-жылы 28-августта Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында төрөлгөн. Милициянын полковниги. Билими жогорку. 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу

1993-1994 жж. –Кыргыз Републикасынын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн;

07.1998-06.2003 жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу финансы полициясынын башкармалыгынын Чүй облусу боюнча финансы полиция

бөлүмүнүн Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча район аралык финансы полиция бөлүмчөсүнүн ыйгарым укуктуу оперкызматкери;

06.2003-10.2003 жж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу финансы полициясынын башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча район аралык финансы полиция бөлүмчөсүнүн начальниги;

2005-2007 жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы полициясынын башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын бажы органдарындагы коррупция жана кыянаттык иштерди колдонуу, бажылык укук бузуулар менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги;

06.2008-11.2008 жж. – Баткен ОИИБнын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн уруксат берүү системасы боюнча улук инспектору;

11.2008-04.2010 жж. – Бишкек ШИИББнын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн лицензиялык-уруксат берүү тобунун инспектору;

2010-2011 жж. – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Катчылыгынын министрдин жардамчысы;

2011-2014 жж. – Кыргыз Республикасынын ИИМдин финансы-чарбалык башкармалыгынын начальниги;

04.2018-07.2018 жж. – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жетинчи башкы башкармалыгынын ыкчам-техникалык иш чаралары башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

2018-2020 жж. – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жетинчи башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары, ал эле ыкчам-техникалык иш чаралары башкармалыгынын начальниги;

2020-жылдын 14-октябрынан тартып – Кыргыз Республикасынын ички иштер министри.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД