Шыкмаматов Алмамбет Насырканович

Алмамбет Шыкмаматов 1969-жылы Фрунзе шаарында туулган. Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери.

Билими:

1994 - Бишкек гуманитардык университетин орус тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган;

2003 - Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчисинин класстык чени бар.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1999 - 2002 - Свердлов райондук сотунун Сот департаментинин сот аткаруучусу;

2002 - 2003 - Мамлекеттик кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо агенттигинин жер жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкы башкармалыгынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

2003 - 2004 - Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун консультанты (судьянын жардамчысы);

2004 - 2005 - Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Аппаратынын жарандык иштер бөлүмүнүн улук консультанты;

2005 - 2007 - ЖКнын спикеринин жардамчысы;

2010 - Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

2011 - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору;

2011 - 2014 - Юстиция министри;

2015 - Ата Мекен саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2017-жылдан - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын лидери. 2019-жылдын 27-декабрында ал партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктен улам депутаттык мандатын тапшыруу чечимин кабыл алган.

2021 - Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри.

Үй-бүлөлүү, үч уул жана бир кыздын атасы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД