Купешев Болотбек Душекович

Билим берүү жана илим министри

Туулган күнү: 1959-жылдын 25-октябры

Туулган жери: Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Соколовка айылы

Билим берүү

Билими: жогорку, Кыргыз мамлекеттик университети (1986-ж.)

Диплому боюнча адистиги: Орус тили жана адабияты мугалими

Эмгек ишмердиги

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызмат ордуна дайындалганга (2021-жылдын 5-майына) чейин Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Түндүк региондору департаментинин жетекчиси;

2009-2010-жж. – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;

2008-2009-жж. – Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары;

2007-2008-жж. – Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары – аппарат жетекчиси;

2005-2007-жж. – Бишкек шаарынын Олимпиадалык даярдык борборунун Олимпиадалык резерв мектебинин инструктор-методисти;

2004-2005-жж. – Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы;

2002-2004-жж. – Бишкек шаарынын Герман Гмайнер атындагы SOS орто мектебинин директору;

1996-2002-жж. – Бишкек шаарынын № 69 мектеп-гимназиясынын директору;

1991-1996-жж. – Бишкек шаарынын № 36 орто мектебинин директору;

1989-1991-жж. – Фрунзе шаарынын № 69 орто мектебинин директорунун орун басары;

1986-1989-жж. – Кыргызстан Ленинчил Коммунисттик Жаштар Союзунун Фрунзе шаардык комитетинин бөлүм башчысы;

1980-1986-жж. – СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуган;

1978-1980-жж. – Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1976-1978-жж. – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Дзержинский атындагы совхозунда ар кандай жумуштарда иштеген.

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими" наамы ыйгарылган, "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы" төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД