ЖМК: Россиянын Коргонуу министрлиги вакцинаны сагыз түрүндө чыгарууга кириш

Россиянын Коргонуу министрлиги коронавируска каршы жаңы препарат даярдоого киришти. Ал сагыз түрүндө болмокчу. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги ишенимдүү маалымат булагына таянып жазды.

Агенттиктин маектеши иш № 48 Борбордук илимий-изилдөө институтунда жүрүп жатканын билдирген.

"Колдонуу үчүн ыңгайлуу формада чыгарылган препарат коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө жакшы натыйжа берет", - деген ал.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Коргонуу министрлиги Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору менен биргеликте "Спутник V" вакцинасын чыгарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД