Абдралиева Гүлмира Курманбековна

Гүлмира Абдралиева 1972-жылы 29-мартта Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Жаңы-Алыш айылында туулган.

Билими:

1996 - Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Технология жана тигүү буюмдарын конструкциялоо" адистигин аяктаган;

Эмгек жолу:

1989 – 1991 - Кемин тиричилик комбинатында тикмечи;

1997 – 1998 - "Ак-Мөөр" өндүрүш компаниясында инженер-технолог;

1998 – 2004 - Кыргызстандарт аймактык саясат жана мамлекеттик көзөмөл башкармалыгында аткаруучу инспектор жана инженер;

2004 – 2007 - Экономикалык өнүктүрүү, өндүрүш, соода жана туризм министрлигиндеги көзөмөл башкармалыгында башкы адис;

2007 – 2010 - Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин алдындагы техникалык жөнгө салуу башкармалыгында бөлүм башчы, башкы адис;

2010 – 2013 - Транспорт дана коммуникация министрлигиндеги Мамлекеттик жөнгө салуу жана коопсуздук башкармалыгында начальниктин орун басары;

2013 – 2016 - Транспорт жана коммуникация министрлигинде Автоунаа, транспорт башкармалыгында бөлүм башчы;

2016 – 2017 - транспорт жана жолдор министринин орун басары;

2017 - өкмөттүн аппаратында транспорт, курулуш жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы;

2021-жылдын февраль айында өкмөттүн жаңы курамына транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри катары кирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД