Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Оштогу бөлүмүнүн айрым кызматкерлери пара алууга шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган окуу жайдын жетекчилиги мугалимдер менен бирге чет элдик студенттерден пара алуунун туруктуу схемасын түзүп алышкан.
Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда учурда аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.