
Учурда республиканын стационарларында 2 285 бейтап жатат. Ошондой эле амбулатордук түрдө 4 323 киши дарыланууда.
Кыргызстанда бир сутка ичинде 870 адамдан коронавирус аныкталды, 404 киши сакайды, тилекке каршы, беш киши өтүп кетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
• Бишкек - 470;
• Ош шаары - 113;
• Чүй облусу - 100;
• Ош - 74;
• Талас - 7;
• Нарын - 10;
• Ысык-Көл - 20;
• Жалал-Абад - 76.
Пандемия башталгандан бери расмий түрдө 114 300 кыргызстандыктан вирус чыкты.
Тилекке каршы, өткөн суткада беш киши өтүп кетти. Алардын үчөө Бишкекте, бирөө Ошто жана дагы бирөө Жалал-Абадда дарыланып жаткан. Жалпысынан вирус 1925 кишинин өмүрүн алды.
Айыккандар:
• Бишкек - 175;
• Ош шаары - 46;
• Чүй - 84;
• Ош - 30;
• Талас - 4;
• Нарын - 8;
• Ысык-Көл - 24;
• Жалал-Абад - 24;
• Баткен - 9.
Жалпы жонунан 104 706 бейтап ооруну жеңди.
Учурда республиканын стационарларында 2 285 бейтап жатат. Ошондой эле амбулатордук түрдө 4 323 киши дарыланууда.