Бекмурзаев Доскул Джумагулович

Доскул Бекмурзаев 1973-жылы 9-октябрда Талас районунун Бала-Саруу айылында туулган. Жогорку билим - 2003-жылы Кыргыз техникалык университетин аяктаган.

Доскул Бекмурзаев 2001-жылы энергетика тармагында иштей баштаган (электр тармактарынын Покровский участкасынын бригадири). 2009-жылга чейин "Ошэлектро" ААКтын орун басары жана жетекчиси болуп иштген. Бишкек шаарынын "Энергосбыт" ишканасынын башчысынын орун басары болгон. Ошондой эле ал Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде бөлүм башчысынын орун басары болуп иштеген.

Былтыр сентябрь айында "Түндүк электр" ААКты жетектеген, бирок Октябрь окуясынан кийин кызматынан айрылган. Бирок компаниянын айрым кызматкерлери Бекмурзаевди кызмат ордуна кайтаруу талабы менен Өкмөт үйүнүн жанындагы митингге чыгышкан.

Март айынын аягында ал Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД