Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри

1964-жылдын 27-февралында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айылында туулган.

Билими жогорку. 1986-жылы Кыргыз айыл чарба институтун аяктаган. Адистиги - агроном-мелиоратор.

Эмгек жолу:

1980-ж. – "Ысык-Көл" совхозу, курулуш цехи, жумушчу;

1986-1987-жж. - "Ысык-Көл" совхозу, агроном;

1987-1989-жж. - "Ысык-Көл" совхозу, башкы гидротехник;

1989-1996-жж. - "Жыргалаң" совхозу, башкы агроном;

1996-2003-жж. - Ак-Суу райондук суу чарбасы, начальник;

2003-2004-жж. - Ысык-Көл облустук мамлекттик администрациясы, башчысынын орун басары;

2004-2005-жж. - "Рейна Кенч" асыл тукум чарбасы, төрага;

2005-2011-жж.- "Шумкар ЫККФ" ААК, башкы директорунун орун басары, башкы директору;

2011-2012-жж. - "Рейна Кенч" агрокомплекси, башкы директору;

2012-ж. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, министр;

2013-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, биринчи орун басар;

2015-2021-жж. - "Рейна Кенч" агрокомплекси, жетекчи;

2021-жылдын 3-февралынан тарта – Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, министр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД