Өзгөчө кырдаалдар министри
Ажикеев Бообек Эргешевич -1965-жылдын 19-августунда Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлгөн.
Билимижогорку.1987-жылы Томск шаарындагы инженердик-курулуш институтун "инженер-куруучу" адистиги боюнча аяктаган.
2010-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин "бухгалтериялык эсеп, талдоо жана аудит" адистиги боюнча аяктаган. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Эмгек жолу:
1987-1988 жж. – Ново-Покровка Ремонттук-куруу башкармалыгында куруучу;
1988-1994 жж. –"Ошагропромкуруу" бирикмесинин инженери;
1996-2005 жж.- "Кызмат" коомунун аткаруучу директору;
2006 - ж.- "Кызмат" коомунун директору;
2006-2008 жж - "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин башкы адиси;
2008-2011 жж.- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жетекчилик кызматта иштеген;
2011-2013 жж.- Борбордук Азиядагы Америка Университетинин кеңешчилер тобунун жетекчиси;
2013-2014 жж.- "Альфа-Телеком" жабык акционердик коомунун Курулуш жана энергетиканы координациялоо бөлүмүнүн жетекчиси;
2014-2015 жж. - "Альфа-Телеком" жабык акционердик коомунун Курулуш жана энергетика департаментинин жетекчиси;
2015-2017 жж. - Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Курулуш департаментинин жетекчиси;
2020 - жылдын 14-октябрынан тартып - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри.