Иманалиев Кайрат Олжобаевич

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри

Иманалиев Кайрат Олжобаевич

1977-жылы 29-ноябрында Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимдүү.

1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин;

2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин (магистратура жана аспирантура борбору);

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясын ийгиликтүү аяктаган.

Иш тажрыйбасы:

1999-2004 жж. – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиоберүү корпорациясы, баяндамачы, эфирдик продюсер;

2004-2009 жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, Адабий-драмалык берүүлөрдүн редакциясы, башкы редактор;

2009-2011 жж. – Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш универститети, кафедра башчысы;

2011-2018 жж. – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы, башкы директордун орун басары;

2018-2019 жж. – Эл аралык "Руханият" ассоциациясы, вице-президент;

2019-2020 жж. – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, министрдин орун басары.

2021-жылдын 3-февралынан тарта - Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД