Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Барпы айылында 1968-жылдын 27-сентябрында туулган.

Билими – жогорку. 1992-жылы С.М.Киров атындагы Томск политехникалык университетин инженер химик-технолог адистиги боюнча аяктаган, 1999-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Аскердик наамы – генерал-лейтенант.

Эмгек жолу:

10.06.1993 – 20.06.1998-ж.ж. "Мээрим-Ай" өндүрүш фирмасынын директору;

22.06.1998 – 06.07.1998-ж.ж. Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын ишкердик жана инвестициялар департаментинин директору;

12.07.1998 – 01.06.2000-ж.ж. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын "Томас" өндүрүш-коммерциялык фирмасынын башкы директору;

10.06.2000 – 13.07.2002-ж.ж. Көп профилдүү айыл-чарба керектөө кооперативдин "Элет-Кенч" башкармалыгынын төрагасы;

16.07.2002 – 26.03.2003-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин аппаратынын жетекчисинин жардамчысы;

18.03.2003 – 18.01.2005-ж.ж. Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, биринчи орун басары;

27.03.2005 – 22.10.2007-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты, отун-энергетика жана суу ресурстары боюнча комитетинин төрагасы;

29.11.2007 – 11.12.2009-ж.ж. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу;

11.12.2009 – 12.05.2010-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында;

02.12.2010 – 20.08.2013-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты.

2020-жылдын 16-октябрынан тартып – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД