Кутманова Динара Асиевна

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайым

Кутманова Динара Асиевна

Туулган жылы, жери: 1961-жыл 31- октябрь, Тогуз-Тороо району, Казарман айылы

Билими: Жогорку, Москвадагы Д.И.Менделеев атындагы химиялык-технологиялык институтун 1983-жылы бүтүргөн, адистиги инженер- технолог;

Кыргыз мамлекеттик юридикалык Академиясын 2010-жылы бүтүргөн, адистиги юриспруденция

Юридикалык илимдердин кандидаты, экологиялык укук

Эмгек жолу:

1983 – 1990-жж. - Фрунзедеги айнек заводу, мастер, инженер;

1984-1987-жж. Эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Кеӊешинин ХIХ чакырылышынын депутаты;

1990 – 1992-жж. Кыргызстан Республикасынын жаратылышты коргоо боюнча Мамлекеттик комитети, Экологиялык илимий -маалыматтык эсептөө Борбору (ЭКОНИВЦ), атмосфералык аба лабораториясынын башчысы;

1992 – 1996 -жж. Кыргызстан Республикасынын жаратылышты коргоо боюнча Мамлекеттик комитети, Экологиялык илимий -маалыматтык эсептөө Борбору (ЭКОНИВЦ), Жалал-Абад филиалынын директору;

1996 - 1997-жж. Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо Министрлиги, Ош-Жалал-Абад аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгы, жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын начальниги;

1997 - 1998 -жж. Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо Министрлиги, Жалал-Абад областтык жаратылышты коргоо фондунун директору;

1998 – 1999-жж. Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо Министрлиги, курчап турган чөйрөнүн мониторинги башкармалыгынын начальниги;

1999 - 2003-жж. Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо Министрлиги, Республикалык жаратылышты коргоо фондунун аткаруучу директору;

2003 – 2006-жж. Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө кырдаалдар Министрлиги, Бишкек шаардык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын начальниги;

2006 – 2012 -жж. Эл аралык долбоорлордун (Бүткүл дүйнөлүк Банк, Ага Хан Фонду ж.б.) курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча консультанты;

2012 – 2012 -жж. Кыргыз Республикасынын Кумтор долбоору боюнча Парламенттик комиссиясынын экологиялык маселелер боюнча эксперттик тобунун жетекчиси;

2012 – 2013-жж. Кыргыз Республикасынын Кумтөр долбоору боюнча Мамлекеттик комиссиясынын экологиялык маселелер боюнча эксперттик тобунун жетекчиси;

2014 - 2019-жж. "Эко-Мониторинг" Коомдук фондунун эксперт-консультанты;

2013 – 2016-жж. "Эко-Грин" ЖЧК директору;

2016 - 2019-жж. "Айыл жерин биргеликте таза күтөбүз" Долбоор (Нарын областы), Германия эл аралык кызматташтык Борборунун консультанты (GIZ), Бишкек;

2016 – 2020-жж. "Дайдалус" ЖЧК өнүктүрүү боюнча директору;

2020 -2020-ж. "Бишкек санитардык полигону" Муниципалдык ишканасы, директор;

12.11.2020-ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД