Президенттин Нарын облусуна болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Анда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдү өткөрүү тартиби көрсөтүлдү.

Андан соң Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын тургундары менен жолугушуп, жергиликтүү тургундарды кызыктырган суроолорго жооп берип, орто жана узак мөөнөткө пландалып жаткан социалдык-экономикалык реформалар жөнүндө айтып берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД